Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23

КЫРГЫЗСТАН ЛАТЫН АРИБИНЕ ӨТҮШҮ КЕРЕКПИ?


Кыргызстан эгемендик алгандан бери көтөрүлүп келаткан маселелердин бири - өлкө качан латын арибине көчөт деген суроо экендиги талашсыз.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин айтылып келаткан түйүндүү маселелердин бири - латын арибин кайрадан алуу проблемасы экендиги талашсыз. Бир караганга жаңы ариб кабыл алуу тамгалардын алмашуусу көрүнгөнү менен анын көмүскө жагында саясий, экономикалык, маданий маселелер каалгып турганы байкалат. Мындан тышкары, бир тамгадан экинчисине көчүү, ириде адамдын физиологиялык жана психологиялык абалына байланышкан проблема. Адамдын көрүү сезими бир нерсеге жадеп көнүп алгандай эле, жаңыны кабыл алуу, ага жуурулушу жагы психологиялык ыңгайсыз абалды жаратаары шексиз. Ушул маселе боюнча адегенде адистин пикирин угуп көрсөк:

- Ар кандай эл өзүнүн мамлекеттүүлүгүн коргош үчүн өзүнүн тилин иштетиш керек. Өзүнүн музыкасы угулуп туруш керек. Мына ушул эки касиетти колдонбосок, анда биз жок болуу жолуна түшүү опоңой эле. Адис катары айтарым - кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүп, жүз элүү жылдан берки таасирлерден кутулуп, кыргыз тили нукура жашап кетиши үчүн латин алфавитине өтүү туура деп эсептейм. Мунун психологиялык көнүмүшкө айланган жагдайлары болушу мүмкүн. Бирок кыргыз элинин стратегиясы, келечек өнүгүшү үчүн эң мыкты чара жана жол деп эсептейм. Жалгыз тек гана аймак бул Кыргызстан. Кыргызстанда кыргыз тилинде сүйлөбөсөк, кыргыз тили жазылбаса, анда кыргыз тили каяктан барып өнүгөт. Анда кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүп, кыргыз тилин өнүктүрүп, бүт мектептерде кыргыздын рухун, кыргыздын маданиятын, энесинин сүтү менен келген тилди үйрөтүп, анын үстүнө орус, англис жана башка тилдердин жардамы аркылуу кыргызды өнүктүрүү жолуна салуу керек деп ойлом, мен буга ишенем, - деп эсептейт белгилүү илимпоз, филолог Кадыралы Конкобаев.

Адис айткандай, латын арибин кабыл алуу адамдын жаңы нерсеге көнүү касиетине кедергесин тийгизбесе, анда аны азыркы каатчылык заманда жүзөгө ашыруунун канчалык кажети бар деп кайрадан адистин оюн уксак:

- Кошуна мамлекеттер, мына Өзбекстан латын алфавитине өттү. Жакында Казакстан өткөнү турат деп басма сөздөрдөн окуп калып жатабыз. Бул Кыргызстанга келгенде атайы отуруп иштеш керек. Канча каражат кетет. Бул биринчиден. Экинчиден, дегеле бул маселени чечиш үчүн Кыргызстандын элинен сураш керек. Кыргызстан - көп улутту калк. Элдин оюн тактаган социологиялык изилдөө жүргүзүп, андан кийин чечүү керек, - деген оюн айтты беделдүү саясат таануучу Алыбек Акунов.


Албетте, кирилл ариби деп биз азыр колдонуп жүргөн орус тамгалары кыргыз элинин маданияты үчүн жана анын илим-билимдүү калк катары калыптанышына зор роль ойноду. Милллиондогон китептер жарык көрүп, билим системасы жана илим өрнөктөрү толугу менен кирилл арибинде жазылды. Анткен менен дүйнөлүк баалулуктар маалымат өлчөмүнө багытталгандыктан англис тилинин наркы өсүп, мындан ары да анын агымы арта турган шекилди. Арийне, Кыргызстандын латын арибине өтүш маселеси саясий, финансылык көз караш бутасынан өлчөнгөндөн соң, адистердин талдоосунан өтчү оор проблема.

Биздин бүгүнкү уктуруубуз көйгөйлүү маселенин ийри отуруп, түз талданышына өбөлгө болот деген ойдобуз.
XS
SM
MD
LG