ВАШИНГТОН. Румыниянын премьер-министри Адриан Настас анын өлкөсү АКШга "беш жылдыздуу" аскердик базаны сунуш кыла турганын билдирди. Настас бул жөнүндө бүгүн президент Жорж Буш менен өткөргөн пресс-конференцияда айтты. Настас аскердик базанын майда-чүйдөсүнө токтолбостон, тек гана анын өлкөсү АКШнын чечимин эле күтүп жатканын белгиледи.