Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРДИН ТУРМУШУ КАНДАЙ?


Султан Раев, Бишкек Быйыл жаз айларында өлкөнүн түштүк аймагында болгон табигый кырсыктар чоң жоготууларды алып келгени маалым. Азыркы күндө кырсыктан жапа чеккендер коркунучтуу аймактардан алыс жакка көчүрүлүп, өздөрүнө турак-жай куруу аракетинде. Алардын көргөн күнү кандай болууда?

Быйылкы жаз айларындагы табигый кырсыктар Ош облусунун Алай, Карасуу районунун тургундарына орду толгус жоготууларды алып келгени маалым. Өлкөнүн экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин адистери билдиргендей бул алааматта 51 адамдын өмүрү кыйылып, өлкөгө 25 млн. сомдон ашуун материалдык зыян алып келген.

Азыркы күндө табигый кырсыктан жапа чеккен 1000ге чукул адамдар коркунучсуз деп эсептелинген Карасуу районунун Мады айыл өкмөтүнө көчүрүлүп, бул жерде жапа чеккен адамдар үчүн атайын жер бөлүнүп берилген. Ал жерде турак-жай куруу иштери кыш жакындаган сайын күчөтүлгөн темпте жүргүзүлүүдө дейт адистер. Айрым маалыматтарга караганда, бул участкада 155 турак-жай курулуп, анын 90 пайызы өлкөнүн көз карандысыздыгы белгилене турган 31-август күнү жапа чеккен адамдарга салтанаттуу тапшырыла турган болду, дейт Карасуу районунун куруучулары. Ал тууралуу Карасуу районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Жалил Дадиев мындай маалыматын айтты:

- Көчүп келген буудалыктык туугандар үчүн азыр колдо болгон шарттын барын түзүп атабыз. Таза суу берилген, электр энергиясы бар, медициналык жактан тейлөөсү, балдардын, аялдардын ден-соолугун көзөмөлгө алып, ишти алып барып атабыз. Кийин окуу шартын чечип бергенге аракет кылып атабыз. Үйлөргө ээ болуп, шарты жакшырып, элдин турмушу кыйла оңолуп калат деп ойлойм.

Өлкөнүн экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин куруучулары турак-жайларды гана бүткөрүү алдында гана эмес, бул участкадагы социалдык объектилерди, электр кубатын, суу түтүктөрүн тартууну аяктап калды. Ал эми бул министрликтин куруучулары Кызылталаа участкасында 1794 метрден ашуун жолду бүтүрүп, пайдаланууга берди. Бул жагдайды экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин аппарат жетекчиси Самидин Куланбаев мындай чечмеледи:

- Бешмойнок боюнча 30 үй курулуп атат. Ошонун жолун, электр линиясын, суусун биздин МЧС куруп берет. Азыр иш өзүнүн графиги менен кетип атат. Кудай буюрса, 31-августка тапшырабыз. Кызылталаа боюнча жолун жасап, линиясын, суу түтүгүн коюп атабыз. Аны дагы 30 күндө тапшырабыз деген оюбуз бар.

Жалпы эсебинен жакынкы күндөрү 155 турак-жай пайдаланууга бериле турган болсо, айрым жапа чеккендер ссуда алуу иши кечеңдегендиктен, турак курууну күзгө дейре бүтпөй калуу коркунучунда турат деген да маалыматтар бар. Бирок бул милдетти моюнуна алган мамлекеттик эмес уюмдар жапа чеккендер үчүн микрокредит берүү ишин өз колдоруна алып, аны натыйжалуу пайдаланууга бүткүл күч-аракеттерин жумшоодо.

Элибиз эзелтен "жарааттын дабасы жакшы мамиле" дейт. Анын сыңарындай, кече арманы жүрөккө батпай турган адамдардын кайгысы бүгүн бир аз тартылып, артта калган алаамат кайгысы эми гана өчүп бараткандай сезилет. "Кырсык айтып келбейт". "Кырсык каш-кабактын ортосунда". Бул элдик накыл сөздүн маанисин көтөрүмдүү эл жакшы билет. Өткөн ишке салабат дейт. Күзгө дейре жапа чеккен адамдарга курулуп жаткан турак-жайлар бүтүп калса, ошол жер көтөргүс жараттын бир чекеси айыгар беле?.. Муну табигый кырсыктан жапа чеккендер да, бул кырсыктын канчалык азап экендигин сезген куруучулар да, деги эле бул ишке кайдыгер карабагандардын баарынын көкүрөгүндө ушул ой жатат.

XS
SM
MD
LG