Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

КОРРУПЦИЯ БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮНҮН КӨЗ-КАРАШЫНДА


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстан коррупцияга белчесинен баткан өлкөгө айланганын карапайым калктан тартып, эң жогорку бийлик өкүлдөрүнө чейин айтып келет. Андан арылуу үчүн атайын жыйындар өткөрүлүп, ар кандай аракеттер жасалып жатат. Бирок эксперттердин иликтөөсүнө караганда Кыргызстанда абал өзгөрбөй, жылдан-жылга кедерине кеткени байкалат. Өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурган жемкорлуктун тамыры качан кыйылаарын так кесе айткан эч ким жок.

Чындыгында бул маселе көп эле жолу эң жогорку деңгээлдеги жыйындарда талкууга алынып, айбат көрсөткөн чечимдер чыгарылып келет. Жемкорлукка каршы күрөшүүгө негиз болуп берүүчү мыйзамдар, жарлыктар, токтомдор да жетиштүү эле сыяктанат. Ага карабай жемкорлук жылдан-жылга күчөп жатканы коомчулукка маалым. Кадам сайын жемкорлукка күбө болоорун карапайым калк айта берип жадады көрүнөт. Ошол карапайым калктын айтканын бийлик ээлери да ар убак кубатташат. Бирок абал жакшы жагына өзгөрбөгөнүн эл аралык уюмдардын отчётторунан да көрүүгө болот. Кыргызстанда жемкорлукка аралашпаган бир дагы бийлик структурасы, мамлекеттик мекеме жоктугун Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жашырбады:

-Жемкорлук түбү келип уюшкан кылмыштуулук менен байланышкан. Бул мамлекетке, элге жасалган коркунуч. Демек Кыргызстандын аброюна доо тийгизчү коркунуч. Мамлекеттик бийликте иштегендердин көпчүлүгү ошол ооруга дуушар болушкан. Ошол ишке аралашкан. Ошондуктан мамлекеттик бийликке карата элдин ишеничи аз .

Андан ары Абдыганы Эркебаев жемкорлукка аралашкан жетекчилерди минген машиналарынан, салган хан сарайларынан дароо эле байкоого болоорун кошумчалады:

-Мына айрым губернаторлордун, министрлердин, акимдердин, укук коргоо кызматкерлеринин жашаган үйлөрүн карап көргүлө. Кайсыл айлыгына ушундай үйлөрдү курса болот. Угуп жүрөсүңөр көбүнүн көмүскө ишканалары бар. Мындан тышкары минген автоунааларын карап көргүлө .

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев карапайым калктын арасында коррупцияга аралашуу жоктугун, ал бийликтеги адамдарга гана тиешелүүлүгүн айтат:

-Ачык айтканда коррупция карапайым элдин арасында жок. Коррупция колунда бийлиги бар чиновниктердин арасында, коррупция - колунда акчасы бар бизнесмендердин арасында, коррупция - кызмат абалын пайдаланып өздөрүнө киреше издеген адамдардын арасында болуп атат .

Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагаларынын пикирлери бири-бирине үндөшүп кетсе, Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков коррупция көрүнүшү жок мамлекет дүйнө жүзүндө кездешпей турганын айтып, Кыргызстан алардан эмнеси кем деген маанайдагы пикирин ортого салды:

-Коррупция көрүнүшү жок мамлекет жок дүйнө жүзүндө. Биз деле ошол дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин бирибиз .

Аткаруу бийлигинин өкүлү Болот Жанузаковдун бул пикири Мыйзам чыгаруу бийлигин жетекчилеринин жогоруда айткан пикирлерине жооп катары туюлгансыйт.

Эми мамлекетке зор коркунуч жаратып жаткан жемкорлукка каршы күрөшүүнүн жолдорун Кыргыз өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев булардан көрөт:

-Коррупцияны кыскартуу үчүн эң биринчиден биздин укук коргоо органдары менен сот тармагы жакшы иштеш керек. Ушулар жакшы, акыйкат иштеп, миллиондогон акчаларды кымтып алгандарды жоопкерчиликке тартса, анан калгандары оозун тыят болчу .

Демек, Кыргызстан жемкорлукка белчесинен баткан өлкөгө айланганын бийлик өкүлдөрү танбайт. Бирок жемкорлуктун тамыр алышына ким жол берип, алардын тамырын кыюуга ким тоскоолдук кылып жатканын бийлик өкүлдөрү так кесе айтуудан тайсалдап жатышын эксперттер ар убак эскертип келет. Көпчүлүк саясатчылар азыркы бийлик, система турганда жемкорлуктун тамыры кыйылбай турганын кошумчалайт.

XS
SM
MD
LG