Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Еврокомиссиянын жаңы төрагасы шайланды


Европарламент Португалиянын мурдакы премьер-министри Жеуше Мануэл Дороу Барозуну Еврокомиссиянын жаңы төрагасы кылып шайлады.
Азыркы төрага, италиялык Романо Продинин беш жылдык мөөнөтү 1-ноябрда бүтөт.

Еврокомиссия Евробиримдиктин аткаруу органы.
Барозунун айтышынча, Европарламент социалдык
коргоонун европалык үлгүсүнүн негизи болгон экономикалык өсүүгө өзгөчө көңүл бурушу абзел. Ал ошондой эле АКШ Евробиримдиктин “башкы өнөгү” деп атап, бирок биримдик ар кандай кызматташууда экинчи деңгээлде турбаш керек деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG