Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Израилдин өкмөтү европалыктарга нааразы


Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом анын өкмөтүнүн Евробиримдикке Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө өнөк катары ишенээри күмөндүү экенин билдирди.
Ал мындай билдирүүнү Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана менен Тель-Авивде жолугушкандан кийин жасады.
Министр Силван Шалом Израилден Батыш Иордандагы коопсуздук коргонун бузууну талап кылган БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын Евробиримдиктин колдогонун да сындап, мындай деди:


-Израилдин өкмөтү жана эли европалыктардын палестиндерди колдоп добуш берүүсүн жана коргонго каршы чыкканына өтө нааразы болду. Зыянсыз, убактылуу коопсуздук коргону жүздөгөн адамдардын, жүздөгөн израилдиктердин өмүрүн сактады. Биз коргонго каршы добуш берүүнү биздин өз букараларыбызды коргоо укугубузга каршы добуш берүү катары баалайбыз.

Израил палестин согушчандарынын Израилге кирип, чабуул жасоосуна жол бербөө үчүн коргонду куруу уланта берилээрин кайра билдирди.

XS
SM
MD
LG