Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Аяд Аллави Мисирге кайрылып, жардам сурады


Ирактын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Аяд Аллави Мисирге кайрылып, Улуттар Уюмунун кызматкерлерин коргоо үчүн аскерлерин Иракка жөнөтүүнү өтүндү.
Аллави Мисирдин президенти Хосни Мубарак менен Каирде болгон кездешүүдөн кийин:


- Мисирди бул багытта бизге жардам көрсөтүүнү өтүндүк. Жардам сурап кээ бир араб жана мусулман өлкөлөрүнөн да БУУнун миссиясын коргоо үчүн аскер берүүнү өтүндүк. Бул азыр Ирак үчүн өтө зарыл жана маанилүү иш.

Аллавинин айтымында, БУУнун башкатчысы Кофи Аннан бул маселени кечээ күнү Мубарак менен телефон аркылуу талкуулады. Кофи Аннан мурдараак уюмдун Ирактагы миссиясын күзөтүү үчүн Улуттар Уюму аскерге муктаж экенин, ансыз ирактыктарды шайлоого камдоо, жаңы конституцияны даярдоо, кайра куруу иштери үзгүлтүккө учураарын билдирген.

Ал арада Ирактын коопсуздук күчтөрү бүгүн Багдаддын ортолук бөлүгүндө өткөрүлгөн операция учурунда согушчан деп шектелген 200 чамалуу адамды колго түшүрдү. Ички иштер министрлигинин өкүлү Сабах Кадемдин сөзүнө караганда, алар “куралдуу операция өткөрдү, каракчылык кылды жана башка кылмыш иштерин жасады деп шектелүүдө”.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG