Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

АКШ: УЛУТТУК КОМИССИЯ ӨКМӨТТҮ ДА, ЧАЛГЫН КЫЗМАТТАРЫН ДА ТЕРРОРГО КАРШЫ КҮРӨШКӨ ДАЯР БОЛБОДУ ДЕП СЫНГА АЛДЫ


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Кошмо Штаттарда 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуяларды иликтеген комиссия кечээ өзүнүн тыянагын жарыялады. Комиссиянын баяндамасында АКШ өкмөтү жана өлкөнүн чалгын кызматтары тийешелүү коопсуздук чараларын алдын-ала көрбөгөндүгү үчүн курч сынга алынган, бирок АКШнын президенти Жорж Буш менен андан мурдагы мамлекет башчысы Билл Клинтон бул калпыстыктар үчүн түздөн-түз жоопкер деп аталган жок.

АКШнын атаандаш эки ири партиясынын өкүлдөрүнөн куралган атайын комиссия кечээ (июлдун 22синде) жарыя кылган баяндамасында АКШнын өкмөтүн жана коопсуздук кызматтары жаңы доордун коркунучуна каршы күрөш жүргүзүү үчүн өзүн-өзү кайра кура албай, ыкшоолук кылганы, бир кездеги кансыз согуш менталитети дагы эле аларда үстөмдүк кылып келгени үчүн айоосуз сынга алды.

Кошмо Штаттарга каршы 2001-жылы 11-сентябрда жасалган террордук чабуулдун чоо-жайы иликтенген бул 567 беттик баяндама өкмөттү гана эмес, АКШ Конгрессин да сынга алып, парламент да Борбордук чалгын агенттиги (CIA) менен Федералдык тергөө бюросунун (FBI) ишмердүүлүгүнө кылдат көзөмөл жүргүзө алган эмес деген тыянагын чыгарды.

Улуттук комиссияга Нью-Жерси штатынын мурдагы губернатору, республикачыл Томас Кейн (Thomas Kean) менен мурдагы конгрессмен, демократ Ли Хамилтон (Lee Hamilton) теңтөрагалык кылган.

Томас Кейн мырза террордук чабуул капысынан жасалышы мүмкүн болсо да, өкмөт карбаластап калбоого тийиш болчу деген оюн билдирди:

- Биз даяр эмес болуп калдык. Биз кыйла убакыттан бери даярдалып келе жаткан коркунучка учурунда олуттуу маани бере албадык. Бул баяндамабызда чоо-жайынан бери көрсөткөнүбүздөй, бул – саясаттагы, башкаруудагы, жөндөмдүүлүктөгү калпыстык, жана баарынан мурда, бул – коркунучтун деңгээлин элестетүүдөгү калпыстык болду.

Он кишиден турган бул улуттук комиссия эл аралык террордук тармакты түзүүгө жетишкен «ал-Кайида» уюму менен Ирактын мурдагы өкмөтүнүн өз ара кызматташтыгы болгондугу жөнүндөгү жоромол далилденбегендигин билдирди. Президент Жорж Буш Саддам Хусейндин режимине каршы согуш ачууда «ал-Кайида» менен расмий Багдад өз ара кызматташ болчу деген шекти согуш ачуунун жүйөөлөрүнүн бири катары пайдаланган.

Ал эми комиссиянын теңтөрагаларынын бири Ли Хамилтондун айтымында, 2001-жылдын сентябрындагы террордук чабуулга чейинки доордо Иран менен «Хезболла» террордук уюму Осама бен Ладен жетектеген «ал-кайидачыларга» ар кыл көмөгүн көрсөткөнү айгинеленүүдө. Бирок бул жагдай «Иран 11-сентябрда чабуул болоорун алдын-ала билген» дегенди туюнтпайт, - дейт Хамилтон:

- Иран же «Хезболла» уюму 11-сентябр окуяларын алдын-ала билген деп түкшүмөлдөөгө жол койгон эч бир далилди учураткан жокпуз. Биздин оюбузча, бул террордук чараны «ал-Кайида» өзү гана долбоорлоп, өз алдынча жүзөгө ашырган.

Улуттук комиссия «ал-Кайида» уюму сыяктуу террорчуларга каршы күрөштө өкмөт дипломатиялык аргалар менен гана чектелбестен, террорчуларга каршы ыкчам жана натыйжалуу аскердик чаралар да өз маалында жүзөгө ашырышы керек болчу деп санайт.

Комиссия АКШнын азыркы президенти Жорж Бушту да, мурдагы президент Билл Клинтонду да шалаакылыгы үчүн жеке керт башы менен күнөөлүү деп айыптаган жок.

Комиссиянын башкы бүтүмдөрүнүн бири – болочоктогу коркунучтун алдын алуу үчүн чалгын кызматтарын борбордоштуруп, иштиктүү башкарган улуттук анти-террордук чордон түзүү сунушу болду.

Бул баяндаманы Кейн жана Хамилтон мырзалардан бейшембиде колмо кол алган президент Буш аларга өз ыраазычылыгын билдиргенин кабарчыларга айтты:

- Мен өкмөттөн иш-аракетке өтүү талап кылынган чакта, биз тийешелүү чараларга барабыз деп комиссия мүчөлөрүн ишендирдим.

Ал эми быйылкы президенттик шайлоодо Буш мырзанын негизги атаандашы болоору күтүлгөн демократ сенатор Жон Керри (John Kerry) кечээ (бейшембиде) Мичиган штатынын Детройт шаарында маалымат жыйынын өткөрүп, 11-сентябр окуяларына арналган баяндамага карата өз мамилесин билдирди жана улуттук коопсуздук жаатында тыгыз кызматташуу зарыл экенин айтты:

- Мындагы эң маанилүү нерсе – бул азыркы учурда акыйлашып отурууга убакыт жоктугу. Азыр саясат кылып отурууга чолоо жок. Өзүбүздүн коопсуздугубузду чыңдоо жана атажуртубузду коргоо маселеси турганда, бизге эч кандай демократ же республикачыл болуп жиктелүүгө болбойт. Мындайда баарыбыз – америкалыкпыз жана бир гана Америкага ээбиз.

Улуттук комиссиянын бүтүмдөрү жөнүндө өлкөдө кайчы пикирлер айтылууда. Маселен, президент Буштун мурдагы жардамчысы, терроризмге каршы күрөш боюнча адис Ричард Кларк сыяктуу айрым серепчилер бул баяндаманын авторлорун улуттук ынтымак жөнүндө көбүрөөк ойлоп, конкреттүү сын айтууга келгенде мокок болуп калды деп сынга алууда.

XS
SM
MD
LG