Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Түркиядагы темир жол апаатынан бери дегенде, 40 киши курман болду


АНКАРА. Түркияда жүргүнчү ташыган поезд апаатка учурап, андан бери дегенде, 40 киши курман болду. Адегенде расмий булактар, бейшембиде кечинде Памукова шаарчасынын жанында болгон кырсыктан 139 киши жан таслим болгонун кабарлашкан эле. Бирок кийинчерээк өлгөндөрдүн саны 36, ал эми жараат алган адамдардын саны 60ка баргандыгын маалымдашты. 234 кишини алып бараткан поезд Стамбулдан Анкарага жол тартып баратканда, жолдон чыгып кеткен. Окуя иликтенүүдө. Поезддин каттамы ачылардын алдында айрым эксперттер жаңы темир жол экспрессинин каттоосу үчүн инфраструктуралык шарттар талаптагы дэңгээлге жеткирилбегенин айтып, сындап чыгышкан эле. Анкара–Стамбул темир жол экспрессинин каттамы июнь айында ачылган.

XS
SM
MD
LG