Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Бүгүн (жума күнү) Кошмо Штаттардын аскерлери Ирактын Фаллужа шаарындагы жоочулар топтолгон деп шек кылынган жайларга абадан сокку урууну улантты. Шаршембиде Багдаддын түндүк-батышындагы Рамади шаарында кырчылдашкан салгылашуу жүрдү. Бул шаарда ирактык коопсуздук күчтөрү жоочу катары шек кылынган топту курчоого алууга аракет кылды. Чет өлкөлүктөрдү барымтага алуулар да улантылууда. Ушул тапта бери дегенде жети чет өлкөлүк барымтада кармалууда.

АКШнын аскер учактары жума күнү Фаллужа шаарындагы аз-Заркавинин тобуна таандык жоочулар баш паана тапканы жоромол кылынган буталарга сокку урууну улантты. Америкалык аскер жетекчилигинин айтымында, бул иш-чара Ирактын убактылуу өкмөтүнүн түздөн-түз кызматташтыгынын негизинде жүзөгө ашырылды.

АКШ аскерлеринин маалымдашынча, алар жума күнү Фаллужадагы имараттардын биринин короосунда жашырынган жоочулар тобуна да кол салган, бирок аларда канча киши бул соккудан жапа чеккени тууралуу так маалымат жок.

Ройтерс кабар агенттигине фаллужалык бир аял ошол бутага алынган үйдө өзү да тураарын, бирок анда куралчан кишилер эмес, аялдар менен балдар гана бар болгонун айтты:

- Биз, аялдар жана балдар, үйдө уктап жатканбыз. Анан алар бизге сокку урду. Эмне үчүн алар бизди бутага алганын билбейбиз. Бизден башка үйдө эч ким жок болчу. Мына бул бомба сыныгын карачы, ушул Кудайга жагабы? Президент Буш жасап жаткан иш, деги, Алла-таалага жагабы?

Ал эми бул шаардагы оорукананын дарыгери Аднан мырза жума күнкү чабуулдан он киши жаракат алганын билдирди:

- Таңга маал саат 7лер болчу. Биз он чакты жарадар кишини кабыл алдык. Алардын бешөөн шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмүнө кабыл алдык, алардын ичинен экөө - балдар, бири – аял болчу. Жаракат алгандардын бири Багдат шаарындагы неврологиялык ооруканага жеткирилди.

Шаршембиде Рамади шаарында козголоңчулар менен кырчылдашкан салгылашуу жүрүп, америкалык 14 деңизчи жоокер жарадар болду. Козголоңчулардан 25 киши набыт болуп, башка 25тейи колго түштү.

Бейшембиде Самарра шаарында жол четиндеги бомбага кабылып, эки америкалык жоокер набыт болду. Ошол эле күнү Багдат шаарында жоочу катары шектелген 200дөй киши ирактык коопсуздук күчтөрү тарабынан камакка алынды.

АКШнын коргоо катчысы Доналд Рамсфелд шаршембиде Ирактагы соңку окуяларга баа берип, козголоңчулар жеңилип жатат деген оюн айткан:

- Жоочулар Ирактын жаңы өкмөтү менен кызматташып жаткан ирактыктарды бутага алууда. Алар Ирактын инфраструктурасына кол салып жатат. Алардын жаңы стратегиясы алардын Ирак элинин душманы экенин далилдеп жатат. Бирок алар жеңилүүгө дуушарланууда.

Бирок анын оптимисттик маанайына көлөкө түшүргөн жагдайлар аз эмес. Маселен, чет элдиктерди барымтага алуу көрүнүштөрү дагы эле тыйылбай келет. Ушул аптада үч индиялык, үч кениялык жана бир мысырдык атуул буга чейин белгисиз болгон бир козголоңчулар тобу тарабынан барымтага алынды. Кения өкмөтү өз атуулдарын Ирактан чыгып кетүүгө чакырды.

Иракта табылган башы алынган адам сөөгү саал мурдараак барымтага алынган болгариялык эки айдоочунун бирине таандык экендигин Болгариянын тышкы иштер министрлиги бейшембиде тастыктаган.
XS
SM
MD
LG