Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

МАЙЛУУСУУДАГЫ УУЛУУ КАЛДЫКТАР ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРЫЛАТ


Бүгүн Дүйнөлүк банк менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда «Күтүүсүз кырдаалдарды алдын-алуу» аттуу макулдашууга кол коюлду. Эми анын негизинде Майлуусуу шаарынын айланасына көмүлгөн уу калдыктарын зыянсыздандыруу аракеттери көрүлөт.

Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда кол коюлган макулдашуунун негизинде Майлуусуу шаарынын айланасына көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандырууга жалпы жонунан 11 миллион 761 миң доллар берилет. Бул каражаттын 7 миллион 400 миңи уулуу калдык көмүлгөн жайлардын коопсуздугун чыңдоого, үч жарым миллиону алардын абалын иликтөөгө жана 900 миңи долбоорду ишке ашыруучу топтун маянасына сарпталат.

Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин уран калдыктары көмүлгөн жайларга байкоо салуу департаментинин директору Анаркул Айталиевдин айтымында, Майлуусуу шаарынын жанында уран калдыгы көмүлгөн 23 жана өндүрүш таштандысы катылган 13 жай бар. Алардын көбүнүн абалы бир гана Кыргызстан эмес Фергана өрөөнүнүн 4 миллион калкын экологиялык апаатка туш кылчу абалга келип калган. Ал тууралуу Анаркул Айталиев минтти:

-Уран калдыгы көмүлгөн жайлардын тегереги жана алардын өзү, аларды селден коргоочу дамбалары, каналдарынын бардыгы жаман акыбалга келген. Калдыктардын бетин жаап турган коргоочу катмары жана аларды селден сактоочу каналдар талкаланып жоголгон. Тоодон түшкөн жана жаандан түшкөн сууну тосуп турчу дамбалар беш-алты жыл мурун эле иштен чыккан.

Анаркул Айталиевдин айтымында, макулдашууну парламент ратификациялагандан кийин зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүгө жарамдуу техникасы жана тажрыйбасы бар курулуш уюмдары тендер аркылуу тандалат. Алар менен Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары бирге иштешип, уран калдыктарын зыянсыздандыруу иши айлана-чөйрөгө терс таасир берген-бербегенин эл аралык тажрыйбанын негизинде иликтеп турушат.

Бирок эл ичинде 12 миллион долларга жакын бекер келген грант жең ичинен желип кетпейби деген күмөн саноо жок эмес. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеевдин айтымында, ошон үчүн каражаттын сарпталышына өкмөт катуу көзөмөл салууга милдеттүү:

- Эми бир жакшы уюм түзүп, гранттын ар бир сомун тескеп, талап кетмейди токтотуш керек. Ага өкмөт жакшы көзөмөл салса эле талап кетүү мүмкүн эмес.

Депутат Орозбек Дүйшеевдин тынчсыздануусуна негиз бар. Анткени буга чейин Майлуусуудагы жайлардын абалын иликтөөгө Европа Биримдиги берген 500 миң евронун көбү чет өлкөлүк адистердин маянасына короп, кайтарымы аз болгон. Күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиевдин айтымында, бул долбоордо берилген каражаттын ар бир тыйыны кайда, кандай коротулаары так жазылды:

- Бул долбоордун каражатынын 63 проценти конкреттүү түрдө реабилитациялоо ишине жумшалат. 29 проценти алдын-ала билүү жана эскертүү системасын чыңдоого кетет. Ал эми башкарууга 8 гана проценти коройт. Демек, менимче бул жакшы көрсөткүч.

Жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттердин иликтөөсү боюнча, Майлуусуудагы уулуу заттар көмүлгөн жайларды зыянсыздандырууга кеминде 25 миллион доллар зарыл. Күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиевдин айтымында, ушундан улам азыр башка инвесторлорду табуу аракети көрүлүп ага Норвегия кызыккан ниетин билдирүүдө.

Майлуусуудан тышкары Кыргызстандын экологиясына коркунуч жараткан дагы Кажысай, Актүз, Минкушта көмүлгөн 7 уулуу жай бар. Эми өкмөттүн алдында аларды зыянсыздандыруу милдети турат. Темирбек Акматалиевдин билдирүүсү боюнча бул багытта да аракеттер жасалууда:

- Кажысайдагы жайды зыянсыздандыруу боюнча Орусия бир долбоорду даярдап жатат. Анын жалпы суммасы 400 миң долар болот. Ал эми Актүздөгү көйгөйдү жоюу үчүн Чехия республикасы тарабынан 390 миң доллардын тегерегиндеги иштер жасалат деген үмүттө турабыз. Эми мындай иштердин санын дагы, каражаттын көлөмүн да көбөйтөбүз.

Ал эми Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Крис Лавлейс да жума күнү кол коюлган макулдашуу башка донорлорду тартууга ишеним берет деген ойдо:

- Кыргызстандагы күтүүсүз кырдаалдардын алдын-алуу чараларына көмөк көрсөтүүчү алгачкы бул долбоор башка донорлорду тартууга жол ачуучу иш болот деген үмүттөбүз.

XS
SM
MD
LG