Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Караколдо дагы бир эркин гезит юстиция министрлигинин каттоосунан өттү


КАРАКОЛ. "Новая газета" аттуу коомдук-саясий эркин газетанын редактору Татьяна Попованын айтымында, бул басылма облустагы башка эркин газеталардан кыйла айырмаланмакчы. Ар бир жазылган макалаларда бүгүнкү турмуштун күрөө тамыры чагылдырылат деген тилек бар. Облустун жана Каракол шаарынын экономикалык-социалдык жана маданий өңүтүндөгү күндөлүк жаңылыктарга кенен орун бергендиги менен бөтөнчөлөнмөкчү. Гезит кесиптик чеберчиликке өзгөчө маани бермекчи. Ага Каракол шаарындагы ишкерлер кошууну ээлик кылат. Газетанын алгачкы саны 30-июлда жарык көрмөкчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG