Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Премьер министр маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин иш уставын бекитти


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин ички тартиби тууралуу уставын бекитти. Агенттиктин башчысы Курманбек Кубатбековдун билдиргенине караганда, бул устав агенттиктин ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзамдардын чегинде кызматкерлердин иш милдеттерин жана иштөө тартибин аныктайт. Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик Кыргызстанда быйыл жазында расмий ачылган. Агенттикти биргелешип каржылоо тууралуу Америка Кошмо Штаттары, Бириккен улуттар уюму жана Кыргыз өкмөтү өткөн жылы макулдашкан. Расмий маалымат боюнча Кыргызстан аркылуу жылына 35-40 тонна маңзат ташылып турат. Кыргызстанда жылына кармалган маң заттардын өлчөмү 2-2,5 миллион долларга тете.

XS
SM
MD
LG