Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Премьер-министр Ошто


БИШКЕК. Өкмөт башчысы Николай Танаев баштаган бир катар министрлер Ош облусунда иш сапары менен жүрүшөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Премьер-министр баштаган жумушчу комиссия Алай районуна караштуу Сарымогол айыл өкмөтүндө болушуп, айылдагы мектеп, оорукана, айылдык милициянын ал-ахыбалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Эртең Ош шаарында жыйын өткөрүлүп, жыйында Ош, Баткен, Жалалабад облустарындагы айрым маселелер жана аталган облустардагы кышка даярдык көрүү иш-чаралары каралат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG