Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:46

Индиялык ишкерлер Кыргызстандан алтын сатып алууга кызыкдар


БИШКЕК. Мындай пикирин экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министри Амангелди Муралиев менен бейшембидеги жолугушууда индиялык мшкерлер маалымдашты. Алардын айтымында, Индия тарап алтынга баа бир калыпта сакталып турса Кыргызстанда чыгарылган алтынды сатып алууга он жылга макулдашуу түзүүгө даяр. Мындан тышкары индиялык ишкерлер пахта жана жибек өндүрүшү боюнча да Кыргызстан менен кызматташуу ниети бар. Бул өңүттө Кыргыз өкмөтү менен индиялык ишкерлер жибек өндүрүшүнө грант бөлүү маселесин макулдашып жатышат.
Бишкекке мындан эки күн мурда келген ишкерлер жума күнү ишканалар менен таанышуу максатында Ош жана Жалалабад облустарына жөнөп кетишти. Ал эми дүйшөмбүдө алар Бишкекте журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүүнү көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG