Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын өнүктүрүү агенттиги грантка кол коюшту


БИШКЕК. “Күтүүсүз кырдаалдарды алдын ала эскертүү” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 6 млн. 900 миң доллар өлчөмүндөгү грант бөлөт. Мындай келишимге бүгүн каржы министри Болот Абилдаев менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Крис Лавлейс кол коюшту. Жалпысынан долбоорду аткарууга 11 миллион 761 миң доллар чектелген. Анын ичинен 7 миллионго жакынын Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы бөлсө, 1 млн 950 миң долларды жапон өкмөтү, калган каражатты кыргыз өкмөтү тапмакчы. “Күтүүсүз кырдаалдарды алдын ала эскертүү” долбооруна бөлүнгөн каражат Майлуусуудагы уулуу калдыктар сакталган жайларды коопсуздандыруу ишине жумшалат.

XS
SM
MD
LG