Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:47

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму "Ассанди-Таймсты" коргоп чыкты


Бүгүн таратылган билдирүүсүндө ЕККУ казак бийликтерин жакындап калган парламенттик шайлоо алдында оппозициячыл гезитти катардан чыгарды деп сынга алган. Өткөн аптада Алматыдагы сот - "Ассанди таймс" гезитин казак президентинин администрациясынын арызы боюнча соттоп, 365 миң долларлык айыпка жыккан. Европадагы коопсуздук уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклос Харасти – муну менен казак бийликтери өзүнө жагымсыз талапкерлерге сөз берген гезиттин чыкпай калышына шарт түздү деген тынчсыздануусун айтат. Харасти бүгүн таратылган билдирүүгө Казакстандын тышкы иштер министри Касымжомарт Токаев көңүл бурат деген ишеничин кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG