Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

АКШ Конгресси Судандагы гуманитардык кризисти "геноцид" деп атады


АКШ Конгресси Америка өкмөтүн аны токтотууга үндөдү. Кечээ кабыл алынган резолюцияда Судандын Дарфур чөлкөмүндө - араб согушкерлери 30 миңдей адамды өлтүрүп, дагы 1 миллиондой кишини башка жактарга көчүп кетүүгө аргасыз кылганы маалымдалат. Кыргынга кабылгандардын көбү жергиликтүү африкалыктар болгон. Конгрессмендер АКШ президенти Жорж Бушту Суданга каршы санкцияларды киргизүүгө жана ал жактагы африкалыктарды коргой турган көп улуттуу күчтөрдү жөнөтүүгө үндөштү. Парижге барган Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осмон Исмаил – АКШ менен Британиянын Дарфурга байланыштуу кысымы – алардын Иракка каршы колдонгон тактикасын эске салат деп билдирди. "Биз кандай болбосун эл аралык кийлигишүүгө каршыбыз, Судан өкмөтүн опузалоо – маселени ого бетер татаалдаштырганга барабар", - деп белгиледи Дамасктын ырасми өкүлү Исмаил.

XS
SM
MD
LG