Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Түркияда кечээки темир жол кырсыгынан аман калгандарды куткаруу иштери уланууда


Алгачкы маалыматтар боюнча, жолдон чыгып кеткен поездде каза тапкандардын саны 100дөн ашышы мүмкүн. Бирок Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган өткөн түнү окуя болгон жерде буларды билдирген. "Ооруканалардан алынган маалыматка караганда, түнкү саат бирге карата өлүмгө учураган адамдардын саны 36нын тегерегинде, дагы 79 киши жарадар", - деди Эрдоган. Стамбулдан Анкарага бараткан поезд эмне себептен оор кырсыкка учураганы азырынча так белгисиз. Айрым адистер жогорку ылдамдыктагы жаңы поезд өткөн айда гана ишке киришкендиктен, ага Түркиянын өтө эскирип калган темир жолу чыдабай калышы мүмкүн деп жатышат.

XS
SM
MD
LG