Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Тарыхый көпүрө хорваттар менен мусулмандарды бириктирет


Босния-Герцеговинада кайрадан ачылган тарыхый көпүрө хорваттар менен мусулмандарды бириктирет. Мостар шаарындагы чоң көпүрөнүн кайрадан ачылышына Балкан өлкөлөрүнөн, Евробиримдиктен барган 50дөн ашуун ырасми делегация катышты. Жергиликтүү тилде "Стари Мост" деп аталган бул көпүрө 1993-жылы жарандык согуш маалында талкаланып, хорваттар менен мусулмандарды Неретва дарыясынын эки жагына бөлүп салган. Мурдагы көпүрө - 1566-жылы аймак Осмон дөөлөтүнө караштуу болуп турганда орнотулган. Азыркы көпүрөнүн курулушуна АКШ, Голландия, Хорватия жана эл аралык уюмдар баары биригип 15 млн. доллардай акча сарпташты.

XS
SM
MD
LG