Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

ФИЛИППИНДИН ӨМҮРҮ БОЛГАРДЫКЫНАН КЫМБАТПЫ?


Болгария менен Филиппин – экөө бирдей Кошмо Штаттардын Саддамга каршы согушун колдоп, Иракка аскерлерин жөнөткөн өлкөлөр. Бирок жакында бул эки мамлекеттин жарандары Иракта барымтага алынганда, окуяга карата алар эки башка мамиле жасашты. Филиппин өкмөтү барымтачылардын талабына баш ийип, аскерлерин чыгарып кетсе, Болгария алардын айтканын аткарган жок.

Америкага союздаш эки өлкөнүн мындай эки ачакей аракеттеринин себептерин эксперттер Филиппин менен Болгариянын географиялык, саясий өзгөчөлүктөрүнөн да издеп жатышат. Кантсе да, Филиппин – калкынын басымдуу бөлүгү христиандар болгону менен, Индонезия, Малайзия өңдүү мусулман өлкөлөргө коңшулаш, Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүндө жайгашкан эмеспи. Анын үстүнө Филиппиндин өзүндө да экстремисттик топтор, террорчул уюшмалар өлкөдөгү кырдаалга улам чагым салып, коркунуч жаратып келатканы маалым. Ушул жагдайга Женевадагы коопсуздук саясаты боюнча институттун өкүлү Жулиан Френч да басым жасайт:

- Албетте, филиппиндер – коопсуздук, бейпилдик маселелери бир топ баш оору жараткан опуртал чөлкөмдө жашашат. Коңшулаш мусулман өлкөлөрү да ички-тышкы саясатка таасир этпей койбойт. Ага кошумча, филиппин коомчулугунун бир бөлүгү саясий жактан такшала электигин айтса болот.


Болгарияны алсак, ал - НАТОго мүчө, Европа Биримдигине кошулууга үмүт артып жаткан мамлекет. Софиядагы изилдөө борборунун директору Иван Крастев эки болгар Иракта барымтага алынганда, бардык саясий кыймылдар бир ооздон барымтачылардын талабына баш ийбөөгө үндөп чыгышканын белгилейт:

- Болгариянын саясий чөйрөсүндө бир да адам бул барымта окуясынан улам аскерлерди алып кетмек тургай, дегеле Иракка карата саясатты өзгөртүүнү сунуш кылганга да батынбады. Өкмөттүн Иракка аскерлерди жөнөтүү чечимин убагында катуу сындаган социалисттик партия баш болуп, баары барымтачылардын айтканына каршы чыгышты.


Филиппин өкмөтү да өз чечимин коомчулуктун катуу кысымы алдында кабыл алды. 46 жаштагы, сегиз баланын атасы Анжело де ла Круз барымтага алынгандан тартып, жергиликтүү калктын бардык катмарлары туткунду бошотууга үндөп жатышты. Ошондуктан, ушул шейшембиде анын азаттыкка чыкканын Филиппиндин президенти Глория Арройо бөтөнчө толкундана жарыялады:

- Бүткүл улутубузду узак убайга салган Анжело де ла Круз бошотулганын билдиргениме абдан бактылуумун, - деди президент Арройо.


Ошентип, Филиппин өкмөтү Ирактагы барымтачылардын талабына көнүп, ал жактагы 51 аскеринин бирин калтырбай чыгарып кеткендиктен, де ла Круз туткундан бошотулду. Ал эми Иракта 500гө жакын аскери кызмат өтөп жаткан болгар өкмөтү башкесерлердин талабын четке каккандыктан, барымтага алынган Болгариялык Георгий Лазов өткөн жумада өлтүрүлдү, дагы бир айдоочу Ивайло Кеповдун тагдыры беймаалым бойдон.


Ушу тапта Болгария Иракта адамдарды уурдап кетип, барымтага алгандарга каршы эл аралык деңгээлде катаал чаралар кабыл алууну сунуш кылып жатат. Иракта улам бир өлкөнүн жарандары туткундалып, алардын башы үчүн жаңы талаптар коюлуп жаткан чакта, Софиянын бул сунушу кеңири колдоо табаары табигый иш.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG