Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

АЛМАМБЕТТИН САРАЛА ТУЛПАРЫ


Айкөл Манастын колуна кол, бутуна бут болгон Алмамбет баатыр "атына жараша заты" дегендей Сарала аттуу тулпар минип жоого аттанчу экен. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда Алмамбет менен Сарала бир күндө төрөлүптүр.

Ал мындайча болуптур. Азизкан баласына асан чакыртып атын койдуруп жаткан чакта Тору бээси Сараланы тууйт. Кийин Алмамбет эр жеткенде "Тору бээ мен төрөлгөн күнү сараланы тууптур. Кунан кезинен куушкан, курдашым тулпар сарала", деп сыймыктаныптыр.

Ал эми залкар жомокчу Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда Манастын Аккуласы менен Сарала бир бээден туулат. Манас Сараланы Алмамбетке берет. Сарала чаалыкпаган, чарчабаган күлүк тулпардан болот. Кала берсе Манас Сараланы минип Коңурбай менен эр сайышка чыгат. Кичи казатта Алмамбет окко учат. Ошондо чоролор Алмамбеттин сөөгүн Саралага жүктөп, Атбашынын Чечдөбөсүнө жөнөтүшөт. Сарала канчалаган жол жүрүп, нечендеген кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, арып-ачканда Алмамбеттин сөөгүн Бакайдын колуна тапшырат.

Саякбайдын айтуусунда Алмамбеттин сөөгү Чечдөбөгө коюлат. Кара ашына Сарала союлат. Саякбайдын айтуусунда Алмамбеттин Сараласы мындайча сыпаталыптыр. Аткаруучу Рысбай Исаков:
Алмамбеттин Сарала,
Кең көкүрөк, тайкы жал,
Келишимдүү чоң буудан,
Соорусунда үч кошкон
Казан асса баткандай,
Артык тулпар Сарала.
Кетмен туяк, кең соору,
Кенен жердин бууданы,
Кулан менен куушкан,
Коңурбайдын Алгара,
Тулпар менен туушкан.
Кайып бээнин баласы,
Кадиктүү тулпар Сарала,
Мунун тулпарлыгын карачы,
Керишке минсе кебелбейт,
Чалгынга минсе чарчабайт,
Баш салып чөптү чайнабайт.
Улуу дууну көргөндө,
Ооздук чайнап булкунган,
Ой-чуңкурду ылгабай,
Алдыга карай жулкунган,
Тулпарлыгы билинген,
Тотудай куйрук чубалган,
Көргөн адам кубанган,
Алмамбет менен Сарала,
Экөө бир күн туулган,
Бармактайда баш кошуп
Кенедей күндө кезиккен.
Алмамбет минип жол жүрсө,
Алыска сапар мол жүрсө,
Душман таптап дуу болсо,
Чаалыгып-чарчап, койбогон.
Найза сунса душманга,
Арыш керип ойногон,
Чылбыры тутам калгыча,
Чын кырсыкка чалдырбас,
Канаттуу тулпар Сарала,
Кадимки тулпар момундай,
Айбандан артык жаныбар
Мылтык атып, жаа тартып,
Тынбай найза көтөрсө,
Арымы кеңип алгандан
Адыр калган, чөл калган,
Аны минген адамдын
Умачдай көзү ачылган,
Көңүл гүлдөп басылган.
Туякты жерге булгуган,
Онбул, домбул чуркаган,
Бул Сарала буудандын,
Көркү ушундай болуучу, - дегендей тулпардан экен.
XS
SM
MD
LG