Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:44

ОРУСИЯДА ӨЗБЕКСТАНДЫКТАРДЫ ӨРТТӨП КЕТИШТИ, ПЕНЗАДА ТАЖИКСТАНДЫК КАРМАЛДЫ, КАЗАХСТАНДА ДАРИГА НАЗАРБАЕВА ПАРЛАМЕНТКЕ АТТАНДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Аяктап бараткан жумада орусиялык басма сөз беттеринде чагылдырылган айрым урунттуу окуяларга баяндаманы сунуш кылабыз. Бул аптада Казахстанда күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоо менен Орусияда иштеген ортоазиялык мигранттардын абалы калем ээлеринин көңүл борборунда турду.

Бул аптада орусиялык журналисттер көптөн бери айтылбай калган миграция проблемасын козгошту.

«Московский комсомолец» жума күнү Москва областынын кыштактарынын биринде жергиликтүү жаштардан түзүлгөн топ өзбекстандык эки атуулду өрттөп кетишкендигин жазды. Макалада айтылгандарга ылайык, 34 жана 32 жаштагы өзбекстандык мигранттар айылдык тургундардын үйлөрүн актап, тыйын-тыпыр таап жүрүшкөн экен. Өздөрүнүн айылында чочун адамдарды байкап калышкан айылдын жаштары алардан 500 рубль акча талап кылышат. Ансыз деле бир канча айлардан бери айлык акысын алалбай жүрүшкөн мигранттар ойлонбой туруп эле буга каршы экендиктерин билдиришкен. Жыйынтыгында өспүрүм курактагы балдар бир канча бөтөлкө пивону бошотушкандан кийин, шейшембиде түнкүсүн мигранттар жаткан үйдү өрттөп салышкан. Эртең менен өрт болгон жерден укук коргоо органдарынын кызматкерлери эки адамдын сөөгүн табышат. Азырынча бул боюнча иликтөө иштери кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу эч кандай маалымат айтыла элек.

Дагы бир окуя тажикстандык мигрант тууралуу. NTV.ru интернет басылмасы 20-июлда Пензадагы чоң базарлардын биринде тажикстандык эң ири террорист кармалгандыгын кабарлады. 33 жаштагы Тавакалшох Миров, басылма жазышынча, мыйзамсыз түрдө Орусиянын паспортун алып, бир канча региондорду кыдырып чыгууга үлгүрүптүр. Ал эми Пензага келип, базарда жүк ташуучу катарында жумушка орношкондон кийин жеригиликтүү калк арасында ваххабисттик маанайда окууларды өткөрө баштаган.

«Такталган маалыматтарга ылайык, Тавакалшох Миров 1994-жылдан 1997-жылга дейре Азиядагы террористтик уюмдардын биринде атайын даярдыктан өткөн жана Тажикстандын, Британиянын, ошондой эле, Ирандын 21 атуулун өлтүргөн», деп айтылат макалада. Жакынкы күндөрдө ал өз өлкөсүнө берилиши мүмкүн.

Орусиялык бир катар сапаттуу басылмалар КМШ алкагындагы негизги саясий окуялардын бири катарында Казахстандагы парламенттик шайлоого карата даярдыктарды айтышты.

«Независимая газета» менен «Коммерсант» гезиттери ушул жылдын 19-сентябрында Казакстанда өтүүчү парламенттик шайлоого эми президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева жетектеген «Ашар» партиясы да катыша тургандыгын өлкөдөгү жалпы саясий абал менен байланыштырып, көлөмдүү макалалар менен беришти.

«Коммерсант» ишениминде, «Ашар» партиясынын келечеги кең. «Дарига Назарбаеванын партиясынын ири маалыматтык колдоосу бар (Назарбаева айым «Хабар» телеканалын жана бир нече башка маалымат каражаттарын жетектейт). Андыктан, бул шайлоодо ага башкы атаандаштыкты түзө ала турган президенттик «Отан» партиясы менен бирге «Ашар» парламенттеги көпчүлүк орунду бөлүп алышы мүмкүн. Эгерде ушундай болсо, анда парламент толугу менен казак президенти Назарбаевдин басымы астында калат», деп жазат «Коммерсант».

«Красная звезда» басылмасы бир канча көлөмдүү макалаларын ушул жылдын августунда Кыргызстанда өтүүчү аскерий машыгууга арнады. Аларда берилген маалыматка ылайык, аскерий машыгууга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Орусиянын аскерий күчтөрүнүн өкүлдөрү катыша алышат. Анын негизги максаты – региондо коопсуздукту камсыз кылуу. «Коркунучту, басылма жазышынча, жалаң эле террористтик уюмдардан эмес, аймакта туруксуздуктун болушун тилешкен жергиликтүү саясий күчтөрдөн да күтүүгө болот» экен.
XS
SM
MD
LG