Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жогорку окуу жайларга быйыл тапшырып жаткан абитуриенттер жана алардын ата-энелеринин көйгөйүн угуу үчүн 23-июлда «Түз байланыш» күнүн өткөрдү. Анда өлкөнүн ар кайсы шаар, райондорунун ондогон адам телефон чалып, жогорку окуу жайга кабыл алуудагы мыйзам бузуулар жана кемчиликтер боюнча суроолорду беришип, жооп алышты.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсү боюнча, жогорку окуу жайга кабыл алуу боюнча атайын байланыш күнүн уюштурууга бул тармактагы мыйзам бузуулар түрткү болду. Аны түз байланыш күнү Акыйкатчынын кеңсесине өлкөнүн ар тарабынан телефон чалып, өз көйгөйлөрүн айткан абитуриенттер менен алардын ата-энелеринин ар кыл суроолору айгинелейт. Ал тууралуу Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу:

- Алардын айтуусу боюнча, негизинен эки чоң маселеге көңүл бурушубуз керек экен. Алардын бири ар бир жогорку окуу жайда 400 доллардан 1000 долларга чейин акча сурап, окуу жайга өткөрүүгө көмөктөшүү кызматын сунуштаган адамдар пайда болуптур. Мындай көрүнүш бир эле окуу жайда эмес, ар бир окуу жайда байкалган. Улуттук коопсуздук кызматы, тартип коргоо органдары менен окуу жайлардын жетекчилери буга каршы эмне үчүн күрөшпөгөндөрүнө таң калып жатам. Экинчи чоң маселе- ар бир жогорку окуу жайдын кабыл алуу чегин коюп алгандыгы. Маселен, Кыргыз-Славян университети 186дан жогору упай топтогондорду эле кабыл алат экен. Ушундай эле чекти ар бир окуу жай белгилеген экен. Мындай чек коюуга жол жок. Себеби, бул жерде коррупцияга дагы бир жол ачылып жатпайбы! Бюджеттик орун толбой калса, ал орундарга өздөрү экзамен жарыялап туруп, өз тааныш-билгендерин же туугандарын өткөрүп коюшат экен.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу түз байланыш күнү козголгон дагы башка олуттуу маселелер боюнча атайын иликтөө жүргүзүү зарыл деген бүтүмгө келген:

- «Түз байланыштан» кийин өзүмдүн кызматкерлериме тапшырма берип, Улуттук статистикалык комитеттен, Монополияга каршы күрөшүү агенттигинен жана ар бир окуу жайдан канча студент контракттык негизде, канчасы мамлекеттин эсебинен окуп жаткандыгы тууралуу маалымат чогултууну талап кылдым. Ар бир окуу жайда миңдеген студент окуйт, бирок, карап көрсөк бюджеттин эсебинен 80-100 гана студент окуйт экен. А бөлүнгөн калган орундар кайда? Коррупциянын тамыры мына ушул жерде. Менин оюмча, алар мамлекеттин эсебинен окутулчу орундардын санын кыскартып, анын ордуна контракттык негиздеги студенттерди окутуп, акча жасап жатышат.

Билим берүү министрлигинин «Түз байланыш» күнүнө катышкан башкы адиси Евгения Чубукова окуу жайлардын алдында акча сурагандар кадимки эле шылуундар деп, аларга алдонбоону сунуш кылса, бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилери андай маалыматты четке кагышты. Алардын бири Ишенаалы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин жооптуу катчысы Райымбек Султанов ал тууралуу:

- Бизде андай эч нерсе болгон жок. Анткени,бизде бардык маалыматтар сыртта илинип, ким канча упай алгандыгы, ким кайсы адистикке өтө ала тургандыгы ачык белгилүү. Көрүнүп тургандан кийин «өткөрүп берем» деп эч ким айта албайт да. 400 доллар бергенге караганга контрактык негизде окууга өтүп кеткен оңой эмеспи. Себеби, 400 доллар биздеги контрактын баасынан ашык. Анча акча берип бюджетке өткүчөктү башын оорутпай эле контрактык негиздеги беш жылдык окууга өтүп кетпейби…

Акыйкатчынын түз байланышында ата-энелер менен абитуриенттердин көбү топтогон упайы, окуу жайы жана адистиги бирдей болсо деле кабыл алынбай калгандарын билдиришип, бул жерде өң-тааныштык жеңип кетти деген доомат коюшту. Билим берүү министрлигинин аттестациялоо жана лицензия берүү башкармасынын башчысы Жоомарт Акбаралиевдин айтымында, мындай дооматтын пайда болушуна быйыл абитуриенттердин төрт топко бөлүнгөнү негиз берди. Министрлик быйыл Бишкек шаарындагы мектептерди, чакан шаарлардагы, айылдагы мектептерди бүткөндөрдү өз-өзүнчө үч топко жана жетим, майып, өкмөттөн жеңилдик алган абитуриенттерди бир топко бөлгөн. Ал айылдык мектепти бүткөндөрдүн, томолой жетимдер, майыптар жана өкмөт тарабынан жеңилдик берилгендердин жогорку окуу жайда мамлекеттин эсебинен билим алуусуна шарт түзүү үчүн жасалган. Ал тууралуу Жоомарт Акбаралиев:

- Маселен, бир окуу жайдын бир эле адистигине төрт топко бөлүнгөн абитуриенттер тапшырат. Тандоо учурунда Бишкектин мектебин бүткөн абитуриент 200 упай менен кабыл алынса, ошол эле адистикке айылдагы мектепти бүткөн же жеңилдиги бар бүтүрүүчү 130-150 упай менен кабыл алынышы мүмкүн, - деп билдирди.

Ал эми айрым ата-энелер тест сынагы балдардын мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат деп кабатыр болушса, айрымдары дагы эле билим жогорку билим берүү тармагында коррупция күчтүү экендигин билдиришип, ага бөгөт коюуну Акыйкатчыдан талап кылышты. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу анын тамырын кыркуунун бирден бир жолу мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, жогорку окуу жайлардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл деген ойго келип, ошол багытта аракет кылаарын билдирди.
XS
SM
MD
LG