Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:59

25-июлга аба ырайы тууралуу маалымат


Гидрометерологиялык борборунун синоптиктеринин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 24-25-июль күндөрү жамгырдын тынымсыз жаашына байланыштуу Кыргызстандын дарыя сууларынын деңгээли көтөрүлүп, тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт.

25-июлда республикабызда ала булут каптап турат, мезгил-мезгили менен жаан-чачындын болушу күтүлүүдө.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30 градус.
БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33 градус ысык.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23 градуска жылыйт.
НАРЫНДА түнкүсүн +8…+13, күндүз +20 …+25 градус.
БИШКЕК шаарында кыска мөөнөттө жагыр жаашы күтүлөт, абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30 градустан +33 градуска ысыйт.


Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG