Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Афинага Кыргызстандык 29 спортчу барат


БИШКЕК. Афинада өтүүчү Дүйнөлүк Олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомо алган Кыргызстандык 29 спортчу катыша турган болду. Анткени жеңил атлетика боюнча мурдакы 3 спортчуга 400 метр аралыкка чуркоочу Галина Педан менен Оксана Лунева Алматада өткөн жеңил атлетика боюнча чемпионатта олимпиадалык нормативдерин толтуруп, олимпиадага катышууга жолдомо алышты. Жеңил атлетика федерациясынын билиргенине караганда август айынын башталышында Маскөөдө өтүүчү эл аралык мелдеште марафондук чуркоо боюнча Денис Баргаев менен Насердин Акылбеков мыкты көрсөткүчтөргө жетишсе олимпиадалык жолдомо алышы мүмкүн.

Спортчулардын саны буга чейин Сиднейде өткөн олимпиадага катышкан спортчулардан аздык кылат. Ал олимпиадада Кыргызстандын 51 спортчусу катышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG