Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Дыйкан-Каракече автожолу оңдолууда


НАРЫН. Жумгал районундагы Дыйкан-Каракече автожолунун 23 чакырымындагы 20 километр жолду калыбына келтирүү максатында Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын губернаторунун орун басары Жыргалбек Абылов башында турган атайын жумушчу комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Учурда жолду оңдоого өкмөт тарабынан которулган 1 млн. сомго 3 тонна күйүүчү май сатылып алынган жана жакын арада Балыкчыдан дагы 9 тонна күйүүчү май келиши күтүлүүдө. Мындан сырткары үч бульдозер, 10 самосвал, 1 эксковатор жана 3 грейдер иштеп жатат. Акча каражаты жетиштүү болсо жол тазалоо иши 1-августка чейин бүтөт деп билдирди Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын экономика жана өнөр жай иштери боюнча бөлүм башчысы Байсеит Исмаилов. Катуу жааган жаандан 20 километр жол бузулуп, 2 кичине жана 8 чоң көпүрө, электр жана телефон линиялары керектен чыккан.

XS
SM
MD
LG