Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

ШКУ Пекинде семинар өткөрүп жатат


БИШКЕК. Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында аскерий коопсуздук кызматташтык боюнча бир апталык семинар өтүп жатат. Бул демилге уюмдун июнь айындагы Ташкент саммитинде көтөрүлгөн. Ага уюмга мүчө Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Кытай мамлекеттеринен офицерлер катышууда. Семинар ишин 1-августта жыйынтыктайт.
Ага катышып жаткан офицерлер эл аралык терроризмге каршы күрөштүн азыркы жагдайы, Шанхай Кызматташтык уюмунун ордун, келечегин талкуулап жатышат. Мындан тышкары эл аралык, регионалдык маселелер боюнча пикир алышуу да болмокчу. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG