Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Жогорку окуу жайларда мыйзам бузууларга жол берилүүдө


БИШКЕК. Жума күнү Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсээсинде “Жандуу байланыш күнү” өткөрүлдү. Анда өлкө аймагындагы жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу компаниясына байланыштуу маселелер талкууланды. Окуу жайларда мыйзам бузуулар жол берилгендиги тууралуу абитуриенттердин атынан акыйкатчыга, 50 жакын даттануу арызы түшкөн. Бул тууралуу бүгүн Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Жандуу байланыш күнүнө” катышууга атайын чакыртылган Билим берүү министри Мустафа Кидибаев келген эмес. Ал эми Республика аймагында тест жүргүзүүнү өткөргөн “Билимди баалоо жана окутуу усулдары” борборунун директору Инна Валькова менен Билим берүү министрлигинин башкы адиси Евгения Чубукова аягына чейин катышпай кетип калышкан.

Акыйкатчынын пикиринде, дале болсо Жогорку окуу жайларда мугалимдер арасында тымызын жең ичинен тааныштарын окууга өткөргөн көрүнүштөр кездешүүдө.

Ал эми АКСЕЛСтин алдында түзүлгөн “Билимди баалоо жана окутуу усулдары” борборунун директору Инна Валькова, тест сынагы ийгиликтүү өткөндүгүн, жогорку окуу жайларга документ тапшырган абитуриенттерден жана алардын ата-энелеринен эч кандай даттануулар болбогондугун өткөн аптада маалымат жыйынында билдирген.

XS
SM
MD
LG