Пентагон билдиргенге караганда, АКШ менен Түштүк Корея америкалык 8000 аскерди Сеулдан башка шаарга которуу жөнүндө келишти. 2008- жылдын соңуна чейин америкалык куралдуу күчтөр Сеулдан 80 чакырым алыстыктагы Пионгтаек шаарына көчүрүлөт. Бул шаарда АКШ армиясынын 2- жөө аскерлер дивизиясы жайгашкан. Азырынча аскерлерди которуу тартиби белгисиз. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Лоуллес Сеулда мындай деп билдирди:
- Биз үчүн-АКШ жана Түштүк Корея үчүн бул абдан маанилүү күн. Биз бул келишимге жетишиш үчүн бир жарым жыл бою иштедик, - дейт АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү.
Эл аралык кабарларды Прага шаарынан даярдаган Чолпон Орозобекова