Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Пхеньян Вашингтонго шарт койду


Экономикалык жардамга жол ачыш үчүн өзөктүк программадан баш тартуу жөнүндө Американын сунушун Түндүк Корея кабыл алган жок. Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрилигинин өзүн атагысы келбеген чиновниги бул сунушту “алдамчы ой” катары баалады. Пхеньян өзөктүк программасын тоңдурарын, бирок, анүчүн Вашингтон бир нече экономикалык санкцияларды алып ташташы керектигин билдирди. Түндүк Корея Америкадан аны эл аралык коомчулук алдында террорчулардын демөөрчүсү катары көрсөткөн адатын токтотуусун талап кылды. Буга чейин Түндүк Кореянын өзөктүк программасына чекит коюу боюнча үч ирет Пекинде сүйлөшүүлөр болгон, бирок бири да ийгилик алып келген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG