Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Ташкентте террордук чабуулдар боюнча сот башталат


Өзбекстанда ушул жазда болгон террордук чабуулдар боюнча тергөө иши соңуна чыкты. Башкы прокуратура билдиргенге караганда, сот ушул дүйшөмбүдө башталары күтүлүүдө. 47 адамдын өмүрүн кыйган террордук чабуулдарды уюштурган жана ишке ашырган катары 15 адамга айып тагылмакчы. Прокуратура өкүлдөрү билдиргенге караганда, бул сот ислам экстремисттеринин үстүнөн боло тургандардын алгачкысы. Ал эми Өзбекстандагы оппозициялык маанайдагы саясатчылар Ислам Каримовдун бийлиги террорго каршы күрөштү өз душмандарын жоготуунун жана адам эркиндиктерин чектөөнүн ыңгайлуу ыкмасы кылып алганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG