Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Орусия Иракка аскер жибербейт


Ырасмий Багдад Иракта орус бейпилдик күчтөрү болушун каалайт. Мындай билдирүүнү бүгүн Москвага учуп келген Ирактын Тышкы иштер министри Хошияр Зебари жасады. Анын айтымында, Ирак бийлиги Орусиянын энергетика тармагындагы адистери да Иракка кайтып барышын каалайт, алардын коопсуздугун сактоо чараларын күчөтүүгө даяр. Орус бийлиги жакында эле Иракта коопсуздук калыбына келгиче деп өз адистерин мекенине кайтарган. Ирактын Тышкы иштер министринин эки күндүк сапар учурунда эки өлкө ортосундагы соода жана экономикалык байланыш, Ирактагы саясий реформа талкууланмакчы. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ орус бийлиги Иракка аскерлерин жибербестигин дагы бир ирет ырастады. Анын айтымында, Ирактын Орусияга болгон миллиондогон долларлык карыздарын Париж клубу аркылуу жоюу жагы каралышы ыктымал. Ушул күндөрү Ирактын премьер-министри Ийад Алави Сирияда жүрөт. Сириянын мамлекет башчысы Башаром Ассад менен жолугушууда ал эки өлкө ортосунда кызматташтыктын жаңы доору башталганын белгиледи. Эскерте кетели, Сирия Ирак согушуна кескин каршы чыккан өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG