Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

СУДАНДАГЫ КЫРГЫНДЫ ТОКТОТУУ СУНУШТАЛДЫ


Судандын тегерегиндеги ызы-чуу күндөн-күнгө ырбап баратат. Кошмо Штаттар менен Британия – Судан өкмөтүн араб согушкерлеринин жергиликтүү африкалыктарды кырып-кордогонун токтотууга үндөп жатышат. Вашингтон Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине Судандын бийликтери бул "геноцидди" токтото албаса, Хартумга каршы санкциялар киргизүүнү сунуш кылды.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бейшембиде Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан менен жолугуп, Судандагы гуманитардык алааматты талкуулады. Ушуну менен Пауэлл соңку үч жума ичинде бул маселени Улутар уюмунда экинчи ирет көтөрүп отурат.


Маалыматтарга караганда, Судандын Дарфур чөлкөмүндө "Жанжавид" аттуу уюшманын согушкерлери акыркы 15 айдан бери созулуп келаткан кагылышууларда 30 миңдей кишини кырып өлтүрүштү. Алардын кыргынына кабылгандардын басымдуу бөлүгү – жергиликтүү африкалыктар. Андан тышкары дагы 1 млн дой адам үйлөрүн таштап, башка жактарга баш калкалап кетүүгө аргасыз болушту.


Вашингтон - ошондой ырайымсыз иштерди аркалап жаткан араб согушкерлерине Судан өкмөтү тымызын жардам көрсөтүп жатат деген пикирде экенин Улуттар уюмундагы жолугушуусунун соңунда Колин Пауэлл бышыктады.

- Ошол жердеги бийликтер "Жанжавиддин" жоокерлерине колдоо көрсөтүп-козутуп жатышат. Муну токтотпосо болбойт. Биз Судан өкмөтүнө ачык эле айттык. Дарфурда бомбалар жарылып, тикучмалар асмандан аткылап жатканы кабарланууда. Дарфурда тикучмалар эмне кылып жатканын түшүнбөйм. Мен аларды кетирип, ансыз да коркунуч менен кооптонууга чулганган аймакта тартип орнотуу керек деп эсептейм.

Кофи Аннан Судан өкмөтүн өз жарандарынын укуктарын бирдей коргоого чакырды.

- Дүйнө коомчулугу Судан өкмөтү эл аралык келишимдерди аткаруусун талап кылышы керек. Аларга ылайык, ырасми Хартум "Жанжавид" жана башка мыйзамсыз уюшмаларды тез арада куралсыздандырууга тийиш.



Ошол эле бейшемби күнү Кошмо Штаттардын Конгресси президент Бушту Суданга каршы санкциялар киргизүүгө жана ал жакка "геноцидди" токтото турган көп улуттуу күчтөрдү жөнөтүүгө үндөгөн резолюция кабыл алды. Вашингтондун Суданга карата мындай катаал мамилесин Британиянын премьер-министри Тони Блэр жактап, Дарфурда жапа чегип жаткан африкалыктарды коргой турган аскерлер жөнөтүлүшү мүмкүн деп эскертти.


Судандын ырасми адамдары араб согушкерлерине жардам берген жерибиз жок, Америка менен Британия башка өлкөнүн ички ишине ыгы жок кийлигишүүдө деп айыптоодо. Ишембиде Брюсселде Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушкан Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осмон Исмаил Судан өкмөтү Дарфурдагы гуманитардык кризисти жөнгө салууга колдон келген аракетти жасап жатат деп билдирди. Ал АКШ Конгрессинин Дарфурдагы кризисти "геноцид" деп атаганы туура эмес деп белгиледи.


Дарфурдагы кагылышуулар – мындан 15 ай илгери жергиликтүү африкалыктар жер жана суудан келип чыккан талаш-тартыштардан улам, араб жердештерине каршы курал көтөрүп чыкканда башталган. Андан бери ал жердеги кандуу окуяларды токтотууга үндөп, Судан өкмөтүнө Орусия, Кытай, Америка жана башка көптөгөн өлкөлөр кайрылышкан.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG