Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Апта ичинде «Арнамыс» партиясынын азыр абакта жаткан лидери Феликс Куловду боштондукка чыгаруу маселеси дагы бир ирет козголду. Мындан тышкары, апта ортосунда Дүйнөлүк банк менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда келишимге кол коюлуп, ага ылайык 11 миллион 761 миң доллар Майлуусуудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу иштерине жумшалмакчы. Апта соңунда кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму өттү.

Дүйшөмбү – 19-июлда акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынын өткөрүп, быйылкы жылдын алты айында омбудсмен институту аткарган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жарым жыл ичинде акыйкатчыга 6471 арыз түшкөн. Алардын көпчүлүгүнө жооп жазылып, маселени чечүүнүн жолдору көрсөтүлгөн. Айрым учурларда бийликтин тийиштүү органдарына кайрылуу жолдонуп, укук бузуу фактыларын четтетүүгө аракет жасалды.

Турсунбай Бакир уулунун маалыматына караганда, саясий укук бузуулар боюнча арыздардын саны былтыр 44 болсо, быйыл жарым жыл аралыгында 15 арыз түшкөн. Бирок аскер кызматчыларына, билим берүү, дин жана улуттук азчылыктарга байланыштуу арыздар көп болууда.

Акыйкатчы 2002-жылдын аягында Жогорку Кеңеш тарабынан шайланып, ишке киришкен. Бирок өткөн жылда жасаган анын иштери боюнча отчётун парламенттин угууга чама-убактысы жетпей келатат.

Ушул эле аптада акыйкатчы жогорку окуу жайларына тапшырып жаткан абитуриенттердин жана алардын ата-энерлеринин арыз-датын угуу максатында «түз байланыш» күнүн өткөрдү. Негизинен, окусам деп алыстан Бишкекке дегдеп келгендер эки маселеден кыйналып жатышыптыр. Биринчи көйгөй тууралуу Турсунбай Бакир уулу мындай деди:

- 400 доллардан 1000 долларга чейин акча сурап, жогорку окуу жайларга өткөрүүгө көмөктөшүү кызматын сунуштаган адамдар пайда болуптур. Мындай көрүнүш көпчүлүк окуу жайларда байкалган. Улуттук коопсуздук кызматы, тартип коргоо органдары менен окуу жайлардын жетекчилери буга каршы эмне үчүн күрөшпөгөндөрүнө таң калып жатам.

Университеттерге өтүүнү эңсегендер өтө жогорулатып коюлган упайлык чектен да кыйналып жатышыптыр дейт омбудсман:

- Экинчи чоң маселе - ар бир жогорку окуу жайдын кабыл алуу чегин коюп алгандыгы. Маселен, Кыргыз-Славян университети 186дан жогору упай топтогондорду эле кабыл алат экен. Ушундай эле чекти ар бир окуу жай белгилеген экен. Мындай чек коюуга жол жок. Себеби, бул жерде коррупцияга дагы бир жол ачылып жатпайбы! Бюджеттик орун толбой калса, ал орундарга өздөрү экзамен жарыялап туруп, өз тааныш-билгендерин же туугандарын өткөрүп коюшат экен.

Шейшемби – 20-июлда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умарзак Узбеков маалымат жыйынын өткөрүп, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуунун абалына токтолду. Элчи өз сөзүндө Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетовдун 12-июлда кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын жүрүшүндө «Казакстан өзүнө алган милдеттерди аткарбай жатат» деген билдирүү жасагандыгын белгилеп, «бул маалымат туура эмес» деп, ага бир катар жүйөөлөрүн келтирди. Умарзак Узбековдун айтымында, Базарбай Мамбетов эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык мамилелерге байланыштуу бир катар статистикалык маалыматтарды туура эмес тараткан:

- Мисалы, Базарбай Мамбетов мырза Казакстан Кыргызстандан болгону 76 миллион кВт/саат гана электр кубатын сатып алды деген билдирүү жасады. Айтып коёюн, жалпысынан 15-июлга карата Казакстанга 913 млн. кВт/саат электр кубаты берилди. Анын 528 млн. кВт/саатын Казакстандын өзү сатып алды, ал эми калган 385 ммллиону Казакстан аркылуу Орусияга берилди.

Умарзак Узбековдун айтымында, Казакстан өз аймагы аркылуу өткөн Кыргызстандын оор жүк ташуучу автоунааларынын ар биринен мурда 150 доллар алып келген. Эки мамлекеттин өкмөттөрү ортосунда былтыр жыл аягында кол коюлган келишим быйыл 14-июндан тартып күчүнө киргенден баштап Кыргызстандын оор жүк ташуучу автоунаалары Казакстандын аймагы аркылуу бекер өтүп калды:

- Баса белгилеп коёлу, казак тарап мындай кадамга өзүнүн мамлекеттик бюджетине экономикалык чоң зыян келип жатканына карабай барып отурат.

Быйыл 24-февралда Казакстан Кыргызстандын поюздары үчүн бааны ылдыйлаткан болчу. «Ошондон улам Казакстандын казынасы 1,3 млн. доллар чыгымга учурады», - дейт элчи. Мындай кадамга баруу менен ырасмий Астана Нарын-Сырдарыя суу-энергетикалык ресурстарын орток пайдалануу үчүн мамлекеттер аралык биргелешкен ишкана түзүүгө Кыргызстан макул болот деп эсептеген. Мындан тышкары, элчи Умарзак Узбековдун айтымында, ырасмий Бишкек Ысыккөлдүн жээгиндеги союз убагынан бери Казакстандыкы болуп келаткан төрт пансионатты биротоло казактардыкы деп тааныйт деп ишенген.

- Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Астанага барганда протоколго кол коюлган. Ага ылайык протоколго кол коюлгандан бир айдын ичинде кыргыз тарап юридикалык процедураларды жасап бүтүп, пансионаттарды Казакстандын менчиги деп таанымак, - дейт элчи.

Бирок Кыргызстан ал макулдашууларды аткарбай койгондуктан 9-июлдан тартып Казакстан Кыргызстандын поюздарынан кайра мурдагыдай эле эларалык акы ала баштады.

Айтор, талдоочулардын айтымында, 1997-жылы түбөлүк достук тууралуу келишимге кол койгон эки мамлекет ортосунда экономикалык атаандашуу күчөп турган чак. Анда Казакстан өзүнүн күйүүчү май, газ, автожол жана темиржол сыяктуу рычагдарын пайдаланып жатса, Кыргызстан Ысыккөлдүн жээгиндеги пансионаттарды жана Дүйнөлүк соода уюмуна аймакта биринчи болуп мүчөлүккө өтүп алганын колдонууда.

Шаршемби – 21-июлда бийлик «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловду 2005-жылдын аягында өтүүчү президенттик шайлоодон кийин гана абактан чыгаарууга ниеттенип калганы ачыкка чыкты. Юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө мекемелер башкармалыгы Феликс Куловго түшүндүрмө кат тапшырган жана анда Кулов 2005-жылы ноябрь айында шарттуу түрдө абактан чыгаары эсептелип берилген.

Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Феликс Кулов быйыл 6-августта шарттуу түрдө эркиндикке чыгышы керек деп эсептеп, ал тууралуу юстиция министрлигине жана прокуратура органдарына кат жазып, бирок ынандырарлык жооп алалбай келаткандыгын айтат:

- Адистешкен прокуратурадан жооп келди. Сиздин катыңызды ГУИНге - жаза өтөө мекемелеринин башкы башкармалыгына жөнөттүк дейт. Эсептеп чыксын дейт. ГУИНге биз ага чейин эле жөнөткөнбүз. Менин пикирим боюнча, биздин эсептер туура. Ошондуктан бир тармак экинчи тармакка шылтап, убакытты созуп жатат.

Турсунбай Бакир уулу сыяктуу эле «Арнамыс» партиясы жана адвокат Любовь Иванова Кулов быйыл июль-август айларында бошошу керек эле деген пикирде.

Феликс Кулов абактан качан чыгаарын тактап берүүнү өтүнүп Сокулук райондук сотуна арыз менен кайрылган. Бирок анын арызы дароо эле багытталган дарегине жеткен эмес. Ошого байланыштуу ал башкы прокурорго кайрылып, эгер анын качан чыгаарын тактоо маселеси сотто каралбаса 22-июлдан тартып саясий ачкачылык жарыялаарын билдирген болчу. Куловдун ачкачылык жарыялоо ниети бар экенин билген №19 түзөтүү колониясынын жетекчилиги арыз Сокулук райондук сотуна жеткиришти. Бирок сот ал арызды кабыл алган жок. 23-июлда партиянын төрага орун басары Эмил Алиевдин «Азаттыкка» кабарлаганына караганда, райондук сот муну арызда №19 түрмөнүн токтому тиркелбей калганы менен түшүндүргөн. Анткени, аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу Куловдун өтүнүчүнө түрмө жетекчилиги токтом аркылуу эмес, кат түрүндө жооп берген. Ал катта Феликс Куловдун жаза өтөө мөөнөтү 2005-жылдын ноябрында аяктаары тууралуу айтылган.

Эмил Алиев Куловдун арызынын каралышын бийлик атайын кечеңдетип, 2005-жылдагы президенттик шайлоодон кийинкиге калтырып жатат, бирок мыйзамга ылайык партия лидери тез арада боштондукка чыгыш керек деген пикирин билдирди:

- Алар Куловдон коркуп турушат. Бирок бул туура эмес. Корко тургандай Кулов террорист же кылмышкер эмес. Бул баарына белгилүү.

Ушул эле аптада Кыргызстандын укук коргоо кыймылы билдирүү таратты. Анда Юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармасынын Кулов 2005-жылдын күзүндө чыгат деген чечими «Арнамыстын» лидеринин саясий негизде камалгандыгынын айкын далили деп айтылат. Андан тышкары, билдирүүдө Куловдун арызынын сотто каралбай жатканы Кыргызстан кол койгон эл аралык бир катар келишим, конвенцияларга каршы келээри айтылып, Феликс Куловду тезинен бошотуу талап кылынган.

Бейшемби – 22-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев «Азаттыкка» куруп берген маегинде 2005-жылдагы шайлоого мамлекет 100 миллион сомдон ашык каражат бөлөөрүн билдирди. Анын 60 миллион сому парламенттик шайлоого, ал эми 40 миллиону президенттик шайлоого жумшалат. Иманбаевдин айтымында, шайлоо өткөрүүгө мамлекеттин өз каражаты гана жумшалып, чет мамлекеттердин же уюмдардын каражатын пайдаланууга жол берилбейт. Ал эми шайлоого даярдык көрүү, тактап айтканда, компьютердик техника сатып алууга, айнек урналарды даярдоого Германия өңдүү бир катар мамлекеттердин жардамы колдонулат.

Ошол эле убакта БШКнын төрагасы айрым эларалык уюмдарды Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат деген сын-пикирин билдирди:

- АКШнын улуттук демократиялык институту республиканын айрым облус, райондоруна өзүнүн бөлүмдөрүн ачып, адам укуктарын коргоо жана «адилет шайлоо өткөрүү» бейөкмөт уюмдарды түзүүдө. Чет өлкөлүк уюмдун биздин мамлекетибизге карата мындай аракеттери сыпайычылыкка жатпайт деп эсептейм. Бул өңдүү аракет бизди кооптондурбай койбойт.

Иманбаевдин айткандарына «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири Нур уулу Досбол макул эмес. Ал шайлоолордун таза жана адилет өтүшүнө чет элдик уюмдар эмес, бийликтин өзү тоскоол болуп келатат, анын мисалы, облустук кеңештин комиссияларын түзүүдө «кол ийрисине тартат» болуп, бийлик «Алга, Кыргызстан» партиясына жан тартты дейт. Демек, алдыдагы шайлоолордо деле бийлик тарабынан добуштардын жыйынтыгын бурмалоого аракеттер болооруна ишенсе болот дейт Нур уулу Досбол:

- Эмне үчүндүр, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын курамын түзгөндө баардык облустардын шайлоо комиссияларынын курамына «Алга, Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү кирип калды. Башка партиялардын өкүлдөрү болсо бирин-серин кошулду. Ал эми 1995-жылдагы шайлоонун кандай өткөнүн, анын жыйынтыгы кантип бурмаланганын БШКнын андагы төрагасы Мамбетжунус Абылов жакында гезиттерге жазып чыкты.

Жума – 23-июлда Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын эларалык өнүктүрүү агенттиги “Күтүүсүз кырдаалдарды алдын ала эскертүү” долбоорунун алкагындагы келишимге кол коюшту. Ага ылайык Майлуусуу шаарынын айланасына көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандырууга жалпы жонунан 11 миллион 761 миң доллар берилет. Бул каражаттын 7 миллион 400 миңи уулуу калдык көмүлгөн жайлардын коопсуздугун чыңдоого, 3,5 миллиону алардын абалын иликтөөгө жана 900 миңи долбоорду ишке ашыруучу топтун маянасына сарпталат.

Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин уран калдыктары көмүлгөн жайларга байкоо салуу департаментинин директору Анаркул Айталиевдин айтымында, Майлуусуу шаарынын жанында уран калдыгы көмүлгөн 23 жана өндүрүш таштандысы катылган 13 жай бар. Алардын көбү жалпы Борбор Азия аймагынын элин экологиялык апааттын кыл учунда кармап турат:

- Уран калдыгы көмүлгөн жайлардын тегереги жана алардын өзү, аларды селден коргоочу дамбалары, каналдарынын бардыгы жаман акыбалга келген. Калдыктардын бетин жаап турган коргоочу катмары жана аларды селден сактоочу каналдар талкаланып жоголгон. Жаандын суусун тосуп турчу дамбалар беш-алты жыл мурун эле иштен чыккан.

Анаркул Айталиевдин айтымында, макулдашууну парламент ратификациялагандан кийин зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүгө жарамдуу техникасы жана тажрыйбасы бар курулуш уюмдары тендер аркылуу тандалат. Көзкарандысыз байкоочулар, адистер бөлүнгөн каражат максаттуу жумшалса экен, ичилип-желип кетпесе эле натыйжасы жакшы болотэле деген пикирлерин айтышууда.

Ишемби – 24-июлда Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 6-отуруму өттү. Анда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык, экология, туризм өңдүү тармактарга тиешелүү жыйырмага жакын маселе талкууланды.

Түн бир оокумга чейин созулган жыйындын соңунда тараптар кызуу талаш-тартыштан кийин 3 маселе боюнча гана, так айтканда, мамлекеттик чегарадан өткөрүү пункттары боюнча макулдашууга, 1996-жылы эки өкмөт ортосунда түзүлгөн “Эркин соода тууралуу» келишимге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго жана комиссиянын алтынчы отурумунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Чегарадан өткөрүү бекеттери боюнча макулдашууга ылайык эки мамлекеттин делимитацияланган чегара тилкелерине 14 бекет коюлуп, алар аркылуу эки өлкөнүн атуулдары мыйзам чегинде каттай алышат.

Бирок ишембидеги жыйында эки тарап суу-энергетика, газ боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Өзбекстандын вице-премьер-министри Рустам Юнусов эки өлкөнүн ортосундагы ал маселелер министрликтер деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдө чечилиши керек деген пикирин айтты:

- Газ, суу-энергетика маселелери мындан ары такай министрлер деңгээлинде талкууланыш керек деген пикирге келдик. Кандайдыр бир чечилбеген маселе болсо алар комиссия төрагаларына кабарлаш керек. Биз бул маселелерди комиссия жыйынында эле эмес, күн сайын талкуулап, пайда болгон маселелерди чечип турушубуз зарыл, - деди Өзбекстандын вице-премьер-министри Рустам Юнусов.

“Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси Автандил Сыдыковдун айтымында, Өзбекстан Кыргызстанга июнь айынан тартып газ берүүнү токтоткон. Буга “Кыргызгаздын” “Узтрансгазга” валюта түрүндө 3 миллион доллар, ал эми товардык-материалдык баалуулук катары 8 миллион долларга жакын карыз болуп калышы себеп болду. Өзбекстан газ сатуу боюнча жаңы келишимди түзүүдөн мурда ушул карыздарды жапкыла жана мындан ары газдын акысын жалаң «жашыл акчага» сатабыз деген шарт коюуда. Автандил Сыдыковдун айтымында, кыргыз тараптын баардык газдын акысын Америка доллары менен төлөп берүүгө чамасы жок.

Ушул эле аптада, так айтканда, 19-июлда Өзбекстандын Фергана облусунда башталган кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасын аныктоо боюнча эксперттердин кезектеги отуруму 22-июлда соңуна чыкты. Отурумга катышкан Баткен облусунун губернаторунун орун басары Шадыбек Бакыбековдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, жолугушууда Баткен жана Кадамжай райондору менен Өзбекстандын Сох району ортосундагы талаштуу аймактар каралды. Бирок эксперттер талаштуу аймактар боюнча бир пикирге келе алышпай, кийинки жолугушуга дейре маселени тереңдеп изилдөөнү чечишти. Ошентип бул жолку жолугушууда чегара тилкесинин бир метри да аныкталган жок. Кыргыз-өзбек чегарасынын жалпы узундугу 1295 чакырым. Анын миң чакырымдайы буга дейре делимитацияланган.
XS
SM
MD
LG