Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

ИРАКТА КИШИ УУРДАГЫЧТАРДЫН КҮНҮ ТУУДУ


Иракта Кувейттик компанияда иштеп жүргөн эки пакистандык жума күнү жоголгон бойдон дайынсыз. Пакистандын тышкы иштер министрлиги ал экөө согушчандар тарабынан уурдалып кетиши мүмкүн деп билдирди. Эгерде бул маалымат бышыкталса, Иракта ушуну менен экинчи жолу Пакистандын жарандары барымтага алынган болот. Андан улам, байкоочулар – ирактык барымтачылар буга чейин жетишкен бир аз ийгилигине эрдемсий түшүп, киши уурдоону жолго коюп алганын айтышат.

Жума күндөн бери табылбай жаткан эки пакистандыктын бирөө айдоочу, экинчиси инженер болгон. Жүк ташуучу машинеде баратып, кол салууга кабылган ал экөө - Иракта ар түрдүү компанияларга жалданып иштеп жүргөн жүздөгөн мекендештеринин катарында эле. 2-3 күндөн бери алардын туугандары ар кайсы мекемелердин эшигин каккылап, жакындарынын дайынын таппай убайым тартып жүрүшөт.


Пакистандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Масуд Хан азырынча эч ким пакистандык уюмдарга кайрылып, жоголуп кеткен экөөнүн дайынын билдире электигин маалымады. Ошентсе да, соңку күндөрү Иракта кишилерди уурдап кетип, барымтага алуу күч алгандыктан, эки пакистандык да аман болушу мүмкүн деген түкшүмөл кептер айтылууда.

Ошол эле жума күнү Багдаддагы мечиттен чыгып келе жатып, уурдалып кеткен мисирдик дипломат Махмуд Кутб али туткунда. Катардык "Ал-Жазира" телеканалы бети-башын чүмбөттөп алган куралчан алты согушкердин алдында отурган Махмуд Кутбду көргөздү. Аны уурдап кеткен өзүлөрүн "Алланын арстандары" деп атап алган уюмдун согушкерлери - Мисирди Иракка адистери менен аскерлерин жибербесин деп эскертишти. Ошондон кийин жакында эле Ирактагы коопсуздукту бекемдөө ишине кызмат өтөй турган адистерин жөнөтөрүн билдирген Каир ал демилгесинен баш тартышы мүмкүн экенин айта баштады.


Андан улам, Жакынкы Чыгыш чөлкөмүн кыдыруу сапарынын алкагында ишембиде Сириянын борбору Дамаскка барган Ирактын премьер-министри Ийад Аллави террорчулардын кысымына моюн сунбай, аны тескерисинче, басууга үндөдү.

- Террорчуларды ооздуктоонун бирден бир жолу – аларды сот жообуна тартып, аларга каршы турган катарыбызды чыңдоо. Биз Мисирдин өкмөтү да – антитеррордук максаттарга ылайык аракеттенет деп үмүттөнөбүз.


Ал тапта аты-заты белгисиз "Тавхид исламчыл тобу" аттуу уюшма өзүн "Ал-Каиданын" Европадагы канаты деп жарыялап, интернет аркылуу Австралия менен Италия Ирактагы аскерлерин чыгарып кетпесе террордук чабуулга туш болорун эскертти. Билдирүүдө Австралия менен Италия – буга чейин Ирактагы аскерлерин алып кеткен Испания жана Филиппинден үлгү алышы керектиги айтылган.


Австралиянын тышкы иштер министри Александр Даунер: "бул билдирүүнү биз олуттуу коркунуч келтире алчу опуза катары кабыл алдык, ошентсе да ага жооп катары Иракка карата саясатты өзгөртүп жибербейбиз", - деп белгиледи. Ошондой эле ал:

- Сиз эч убакта террорчулардын талабын аткаруу аркылуу аларды жеңе албайсыз. Эл аралык коомчулук, анын арасында Саддамдын бийлиги кулатылганына кандай көз-караштагы өлкө болбосун, баарыбыз бирдей Ирак элин, утурумдук өкмөттү ара жолго таштап кетип калышыбызды көздөп, кысым көрсөтүп жаткан күчтөргө моюн сунбай каршы туруубуз абзел.


Австралиянын тышкы иштер министри андан аркы сөзүндө Испания жана Филиппин өкмөтүнүн артка чегинүүсү – Ирактагы террорчуларга кошумча дем бергенин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG