Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Кыргызстан Өзбекстанга газ үчүн карыз


БИШКЕК. Кыргызстан быйыл Өзбекстанга 649 миң долларга жакын карызын төлөдү. Ал эми жалпы суммасы 11 миллион 348 миң доллар болгон карызды төлөө мөөнөтүн реструктуризациялоо боюнча эки өкмөт ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу ишемби күнү өткөн кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын документинде жазылган. Кыргыз тарап бул карызды жакынкы 20 жылдын ичинде толук төлөп берүүнү болжоп, ага өзбек тараптын макулдугун алууга аракеттенүүдө. Кыргызстандын Өзбекстанга мамлекеттик тышкы карызы 1990-жылдардын башында пайда болгон. Ал эми акыркы жылдарда пайда болгон «Кыргызгаздын» «Узтрансгазга» жалпы карызы 11 миллион долларды түзүүдө.

XS
SM
MD
LG