Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Пекинде семинар өтүп жатат


БИШКЕК. Бул күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Кытайдын борбору Пекинде коопсуздук жана коргонуу боюнча семинар өтүүдө. 1-августка чейин созула турган бул иш чарага Кыргызстандын коргоо министрлигинин өкүлдөрү да катышууда. Бул тууралуу бүгүн министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Кытайдын коргоо министрлиги уюштурган семинарда терроризмге каршы күрөш, ШКУнун келечеги жана башка эл аралык, регионалдык маселелер боюнча пикир алмашуу болууда. Жыйынга катышып жактан Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрүн Кытай аскеринин башкы штабынын башчысынын орун басары генерал полковник Сюн Гуанкай кабыл алып, бул иш чарага катышуу ШКУга кирген өлкөлөрдүн коопсуздук багытында кызматташууга дилгир экендигин көрсөтөт, деп билдирген.

XS
SM
MD
LG