Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Атуулдук коом жергиликтүү бөлүмдөрүн түзүүдө


БИШКЕК. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюму жер-жерлерде тогуз комитет түздү. Алар демократиялык шайлоо өткөрүү, коррупцияга каршы күрөшүү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө иштерин аткарат. Мындай комитеттердин санын көбөйтүү аракети улантылат жана мына ошол максатта жума башынан тартып Чоңалай районунда болобуз, деп билдирди бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова. Анын айтымында, өтүп бараткан жумада Кант рйонундагы Ивановка айылында да комитет түзүү максатында жыйын болуп, анда жергиликтүү калкка шайлоо аркылуу гана адилет коомду куруу мүмкүндүгү түшүндүрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG