Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Кыргыз темир жолчулары өзбек кесиптештерине кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстан өлкөнүн түштүк-түндүгү ортосундагы жүк ташууну көбөйтүү максатында Өзбекстандын аймагынан өтө турган жүктөрүнө темир жол тарифтерин төмөндөтүп берүүнү өтүнүп Ташкенге кайрылды. Бул тууралуу транспорт жана байланыш министринин орун басары Айзат Ажикеев 24-июлда билдирди. Анын айтымында, өзбек тарап Кыргызстан үчүн темир жол тарифтерин ички тарифтерге теңей албасын билдирип, бирок эл аралык нормада каралган эң төмөнкү тарифтерди киргизип берүүнү караштырууга макулдугун берди. "Биз түштүктөн түндүккө көмүр, айнек жасалчу кум, ал эми түндүктөн түштүккө курулуш материалдарын ташууну көбөйтүүнү болжоп жатабыз", деп белгиледи Айзат Ажикеев.

XS
SM
MD
LG