Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

"ЭЛЕСИ ЭСТЕ, ЫРЛАРЫ ЭЛДЕ": ТАМАРА ЖУМАКАЕВА


Олуя акын Калыгул "Бул дүйнөдөн аккан суудай, айкаштагы чуудай, төгүлгөн кумдай бардыгы өтөт" дегендей, Тамара Жумакаеванын өскөн жери, өнгөн эли менен кош айтышканына төртүнчү жылдын жүзү болду.

Ал бүтүндөй күлгүн өмүрүн, гүлдөгөн чыгармачылыгын Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын сахнасында өткөрдү. Маркум Тамара булбул таңшык ырчы, чебер актер, колунан көөрү төгүлгөн узчу, көп балалуу мээрман эне эле. Ал өзүнүн жаркын шыгынын жанышына кимдер устат, кимдер сүрөөнчү болгону жөнүндө карапайым угуучулар менен жолугушканда, кабарчылар менен баардашканда:

- Мен турмушумда, сахнада өзүмдү залкар актриса Алиман Жанкорозованын окуучусумун деп эсептейм. Асанкул Куттубаев, Асанбек Кыдырназаров, Садырбай Көмөчов, Акылбек Дүйшеев, Акмат Бердиев сыяктуу үч театрдын тандалма таланттары менен бирге иштешкениме сыймыктанам. Себеби дегенде менин эч кандай театралдык билимим болбосо, турмуш шартка байланыштуу онунчу классты да бүтпөсөм, анча-мынча гана музыкалык окуу жайында окуп калдым. Бирок менин турмуштук сахналык, чыгармачылык сабагым улуу таланттардын арасында иштеп калгандыктан сүрөөнчүлөрүм да, устаттарым да ошолор деп ойлойм,-деп сыймыктана айтаар эле маркум Тамара айым.

Кесиптеш агайларынын, эжейлеринин ичинен эл артисти Алиман Жанкорозова ага өзгөчө көңүл бөлгөнү, бата бергени, сахналаштары аны кандайча эркелеткени жөнүндө маркум Тамара Жумакаева:

- Алиман Жанкорозова турмуштук тажрыйбасы мол, аябагандай көптү башынан өткөргөн, көптү билген эже эле. Мени биринчи жолу сахнадан көрүп: "О, кара кыз, о, кара кыз, кара кыз аман турганда далай жерге барабыз" деп, Эмгекчил колхозунун клубуна койгон "Жүрөк кечирбейт" аттуу оюндагы Айшанын ролун көрүп, бетимен өөп батасын берген эле. Мен да эженин ишеничин, берген ак батасын актоого, уятка калтырбоо үчүн күчүмдүн жетишинче иштедим. Агайларым, эжелерим менен эне-атадай сырдашып, бир эле мезгилде теңтуштай да болуп жүрдүм. Алар менин аткарган ролдорума, жашоодогу мүнөзүмө карап, агайларымдын, эжейлеримдин ар биринин өзүнчө энчилеп коюп алган: Кара кыз, Акыл Карачач, Каныкей, Комиссар, Солдат кыз деген аттары бар эле. Булар мени ушундай коюп алган аттар менен да сүрөмөлөштү, - деп Тамара басса-турса да кесиптештерин оозунан түшүрчү эмес.

"Эки тизгинин бир чылбыр" дегендей, Тамар Жумакаева ырчылык менен актёрлукту, чыгармачылыкты да бирдей айкалыштыра өнүктүргөн. К.Маликовдун "Алмашынан" Күкүянын, Ж.Абдыкадыровдун "Толкунунан" Толкундун, К.Иманалиевдин "Курманжан даткасынан" Курманжандын жана башка ондогон башкы каармандарды ойдогудай сахнага алып чыккан. Жумакаеванын актерлук, ырчылык чеберчилиги жөнүндө кыйла жыл бирге иштешкен Эл артисти Калыйбек Тагаев минтет:

- Тамара көп кырдуу талант эле. Ал атайын театралдык билими жок болсо да, билимдүүлөрдөн ролдорду турмушта жашап өткөндөй жана жашап жаткандай чеберчиликте аткаруучу. Ал актёрчулук менен ырчылыкты бирдей алып жүргөн шайыр эле. Тамара Ж.Шералиевдин, менин жана башка автолордун чыгармаларын көркөмдөп, ыргактарына ыргак кошуп, эң бир мукамдуу аткаруучу. Тамарада музыкалык эс тутум өтө күчтүү эле. Бир-эки жолу уккан ырларын эртеси калк алдына ырдап чыкчу. Мындай өзгөчөлүк миңдин биринде гана болот.

Эл акыны Аалы Токомбаев:
"Адамзаттан аябадым,
Жүрөгүмдүн жалынын,
Жер үстүнө таштап кеттим,
Өмүрүдүн жарыгын" деп жазгандай, Тамара Жумакаева о дүйнөгө кетсе да калдайган калкына ондогон көөнөрбөс ырларды таштап кетти.
XS
SM
MD
LG