Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

ОРУСИЯ БАГДАДГА АСКЕР ЖИБЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТТЫ


Муса Мураталиев, Москва Ирактагы бейпилдик орнотуп аткан күчтөрдүн катарына Орусия өз аскерлерин жибербей тургандыгы ишемби күнү маалымдалды. Андай пикир эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Москвада жолуккандан кийин таркатылды. Сергей Лавровдун сөзүнө караганда, Ирактын жаңы бийлигин колдоону Орусия баарыдан мурда экономикалык жол менен жүргүзөт. Ишемби күнү Шереметьево учак майданына келип түшөөрү менен министр Хошияр Зебары: «Орусия өз аскерлерин Иракка жиберет деп үмүттөнөбүз, ошондой эле Иракта электр станцияларын куруу максатында орусиялык адистер Багдадга кайтып келет деп үмүттөнөбүз» деген болчу.

Ирактын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Хошияр Зебаринин Москвага иш сапары менен келип калышын, сырттан көз салуучулар, 28-июндан тартып бүтүндөй бийлик Хусейн режиминен кийин түзүлгөн Ирактын убактылуу өкмөтүнүн өкүлү менен кездешүү – демек ал өкмөттү Орусиянын таанышы деп айтышууда.

Маалымат каражаттарында пайда болгон жагдайга келсек, ал жерде, Багдаддын чабарманы каалап турганы - орусиялык аскерлер Иракка жиберилсе ниети болгон экен. Ошол себептүү министр Хошияр Зебари аттан түшө элек жатып журналисттер алдында:

- Биз орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн Иракка киргизилүүсүнө муктажбыз, -деген дешет.

Ошол эле ишембинин бешим ченинде ОРТ сыналгысынын эфирде жаңылыктар окуучусу:

- Багдад (бийлиги – ММ.) Орусия бейпилдик орнотуучу күчүн Иракка киргизсе экен деген өтүнүч менен келиптир, -деген болчу.

Арадан бир нече саат өтпөй эки өлкө тышкы иштер мекемелеринин жетекчилери көзмө-көз олтуруп сүйлөшүү өткөрүштү. Ошондон чыкканда ал жерде Багдаддык чабарман, капилеттен эле эртең мененки айткан кебин четке кагып, мен антип айткан эмесмин деп танып чыкты:

- Бул маселе боюнча Орусиянын карманган көз-карашын мен жакшы билем. Аскерлерин (Иракка – ММ.) жиберүү боюнча Орусиянын жообу мурдатан белгилүү. Бул тууралуу мен эч кандай эч убакта билдирүү жасаган эмесмин, - деди Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зибари.

Бул кептин артында кыйла маани жатканын анализчилер белгилешүүдө. Эмне дегенде, эки министр жолугардын алдыңкы күнү араб өлкөлөрүнүн дипломаттарына шилтеме берип маалымат каражаттары Багдад Орусия аскерлерин БУУ калканчы астында бейпилдик күч кылып Иракка киргизет экен деген аңырт таркаткан.

Орусия тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров болсо:

- Бул маселе талашка түшмөк тургай, каралган да жок. Бул багытта кандайдыр бир алдын-ала ой жоруу да болгон жок. Орусия Ирактын суверендүүлүгүн – баарыдан мурда соода менен экономика, кадрларды даярдап берүү менен колдоого алат, -деди.

Анализ жүргүзгөндөрдүн баамында ишембиде өткөн жүздөшүү эки өлкө ортосунда алаканы жандантуу үчүн жасалган алгачкы кадам.

Ал эми Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов ИНТЕРФАКС агенттигине эки өлкө алакасы боюнча айткан оюнда мындай деген:

- Бул жерде эң башкы маселе – коопсуздук. Биз Иракта орусиялык атуулдардын курман болушун жана барымтага алынышын каалабайбыз.

XS
SM
MD
LG