Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Түштүк кореялыктар Иракка аскер жиберүүгө каршы демонстрация өткөрүштү


Сеулдагы демонстрацияга бир нече миң студенттер жана башка атуулдар катышты. Алар президенттик ак сарайга баруучу жолду бөгөгөн полиция менен кагылышты. Олуттуу жаракат алгандар тууралуу кабарланган жок. Демонстранттардын айрымдары "Түштүк Корея-Америка альянсын жоюш керек", "Биз Кошмо Штаттарына каршыбыз!" деген ураан чакырышты.

Түштүк Корея Ирактын түндүгүндөгү Ирбил шаарына август айында 3 миң аскерин жиберүүнү пландап жатат. Алар согуштук операцияларга катышпайт. Учурда Иракта Түштүк Кореянын 600 аскери бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG