Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 03:44

Бакуба шаарынын жанында куралдуу кагылыш болду


АКШ армиясынын билдиришинче, бүгүн америкалык жана ирактык аскерлер Бакуба шаарынын жанында куралдуу топтор менен кагылышты. Бир саатка созулган салгылашта каршы тараптан 13 киши окко учту. Америкалык майор Нил Обрайндын айтымында, кагылышуу биргелешкен күчтөр Бакубанын жанындагы Бухриз шаарында рейд жүргүзүп жаткан маалда орун алды. Жергиликтүү дарыгер АФП кабар агенттигине аткылоодо бир полициячы, бир карапайым атуул ажал тапканын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG