Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

ДЕМОКРАТТЫК ПАРТИЯНЫН КУРУЛТАЙЫНЫН МААНИСИ


170 жылдан ашуун мезгилден бери Кошмо Штаттардын ири саясый партиялары президенттикке жана вице-президенттикке талапкерлерин жалпы улуттук жыйында тандашат. Күчтүү талапкер курултайга чейинки шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө алдыга суурулуп чыгышканы менен, алардын программалык сөзү, улуттун болочок баштоочусу катары карманчу стратегиясы ушул жыйында сындан өтөт. Дүйшөмбү күнү Бостондо Демократтык партиянын курултайы ачылат. Бул чоң саясый “спектакль” партиянын келечек багыты жана ийгилиги үчүн өтө маанилүү өнөктүк саналат.

АКШнын эң үлкөн Демократтык жана бийликтеги Республикачылар партияларынын төрт жылда бир ирет болчу быйылкы курултайы Бостон жана Нью-Йорк шаарларында өтөт. Өлкөдөгү эң кубаттуу кеңсе - Ак Үйдүн төрүн ээлөө үчүн жарышка түшчүлөр азыртан белгилүү. Ал эми партиялык иерархиядагы маанилүү орундар, анын иш багыты курултайга чейин такталат.

Ошентсе да, курултай талапкерлер менен партияларга мамлекет ичиндеги чечилбеген олуттуу маселелерге көңүл буруп, шайлоочуларды тартуу үчүн абдан чоң мааниге ээ.

Добуш берүү жана демократия борборунун директору Роб Риччинин айтышынча:

-Бардык иштер имейл, факс жана кат аркылуу бүткөрүлсө да, эл чогулуп, партиялык түзүм эмес, улуттук партия катары сүйлөшкөнү курултайды сербаа кылат. Бул - коомчулукка көрүнүүнүн зырылчылыгы эмес. Бул - партиянын узак мөөнөттүк иш багытынын маанилүү бир бөлүгү.

Демпартиянын саясый изилдөөлөр борборунун жетекчиси Жим Герштейн курултай партиянын талапкерлерине дем берүү үчүн да пайдаланылат деген пикирде:

-Курултай өтө чоң шык-дем чогулган жай. Менин оюмча, курултайда кайсы бир нерселерди байкап, күбө болоруң калетсиз. Анда түрдүү темалар талкууланып, партиянын багыты шардана кылынат.

Бирок башка талдоочулар саясый базардагы “оюн” өтө чебер аткарылгандыктан, телекөрүүчүлөр өнөктүктүн уюштуруучулары каалап сунуш кылган нерселерди гана көрө алат дешет.

Вашингтондогу көз карандысыз Като институтунун эксперти Патрик Башам курултайды калк менен партиялардын мамилесин бекемдөөчү баа жеткис өнөктүк деп мүнөздөйт:

-Курултайды негизинен Керрини колдоо өнөктүгү деп түшүнсө болот. Аны жыйын тегиз колдоп жатканын коомчулуктун көрүүсү жана масс-медианын угуусу үчүн колдон келген бардык нерсе жасалат. Албетте, партиянын кайсы бир бөлүгү талашып-тартышып, ич ара карама-каршылыктар болору бышык. Ал бирок ортого чыгарылбайт жана прожекторлор менен камералардын жарыгына жеткирилбей басылат.

АКШнын тарыхынан белгилүү болгондой, партиялык курултай өмүрдүн драмасындагы чоң айкаш. Айтсак, Республикачылар партиясынын 1912-жылдагы курултайында мурдакы президент Теодор Рузвельт менен Уильям Хоуард Тафт ортосунда чыккан эрөөлдөн улам, Рузвельттин тарапкерлери жыйынды таштап чыгып кетишип, Прогрессивдүү партияны түзүшкөн. Республикачылар арасындагы мындай ырксыздык демократ Вудров Вильсондун президент болуп шайлануусуна жол ачкан.

Праймериз же баштапкы деңгээлдеги шайлоо учурунда козголуп, кийин бышып-жетилип калган суроолор дал курултайда ырасмий түрдө таанылат. Партиялык программага кирет дейт Патрик Башам:

-Курултай баарын жыйынтыктайт. Праймеризде жана партиялык жыйындарда кабыл алынган чечимдер курултайга чейин бекитилбейт. Ошондуктан, Жон Керрини алсак, ал алдыда баратса да, азыр талапкер эмес. Ал Бостондогу курултайга чейин ырасмий талапкер эмес.

26-июлда ачылчу курултайдын алгачкы эки күнү - Демократтык партиянын таанымал өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, делегаттар менен кездешет. Арийне, атаандаш партия сынга алынат.

Шаршемби күнү Жон Эдвард вице-президенттикке талапкер деп бекитилет. Курултайдын соңку күнү, бейшембиде Жон Керринин программалык сөзү угулуп жактырылат. Өзү президенттикке талапкер катары ырасмий түрдө бекитилет.
XS
SM
MD
LG