Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

УДАЙДЫН ЖОРУГУ ЖОЛДО КАЛСЫН. САХАЛИНДЕГИ КЫЛМЫШ МЕКТЕБИ. НИНО ЭЛИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ...


Эми эл аралык басма сөздүн айрым урунттуу материалдары менен таанышып коюңуздар. Сиздер Саддам Хусейндин уулу Удайдын жоруктары, тажик мугалимдеринин айлыгынын жогорулатылышы, Чоң театрды таштап, Грузияга кайтып келген прима-балерина Нино Ананиашвили тууралуу кабардар боло аласыздар.

Британдык «Индепендент» (Independent) гезити жекшембидеги санында (25-июлда) Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейндин уулу кантип ирактык спортсмендерди Олимпиадада жеңүүгө ынтызар кылганы тууралуу макала жарыялады. Саддамдын эрке уулу Удай өзүнүн зөөкүрдүгү менен айырмаланганы белгилүү. Көрсө, спорттук мелдештерде утулган ирактык спорстмендерди жеңилүү ызасы гана эмес, Удайдын өзүнүн жазасы да күтүп турчу экен. Өткөн ишембиде Багдаддын борбордук стадионунда ачылган көргөзмөдө Удайдын утулган спортсмендерди жазалаган аспаптары жана жабдуулары коюлду. Ирак Олимпиадалык комитетинин өкүлү Талиб Мутандын айтымында, Удай экинчи орунда келгендерди да жазалачу экен. Ал түгүл спортсмендердин машыктыруучулары да таяктан куру калчу эмес, - дейт Мутан мырза. Удай өзүнүн улуу агасы Кусай менен кошо былтыр июл айында АКШ аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн. «Индепендент» гезити жазгандай, ирактык спортчулар быйылкы Афина олимпиадасына катышуу үчүн камылга көрүүдө.

Ушул эле гезиттин бүгүнкү башка бир макаласында Орусиянын Сахалин аралында Углегорск шаарынын чет жакасында 12 жаштан жогорку жана эрезеге толо элек балдарды ууру-кескиликке үйрөтүүчү атайын машыктыруу лагери табылганы айтылат. Бөлтүрүктү баш тоголотуп үйрөткөн бөрү сымал, сахалиндик дасыккан кылмышкерлер бул жайда ар кыл жолдор менен топтогон жаш балдарды кылмыш жолунун ар кыл амал-айлаларына үйрөтчү экен. Орусиялык бийликтердин айтымында, мынчалык «жакшы жолго» коюлган кылмыш мектеби өлкөнүн башка эч бир жеринде байкалган эмес. 1890-жылы жазуучу Антон Чехов Сахалин аймагына келгенде, ошол заманда эле мында он миңдей киши кармалган падышалык абак жайы болгон. (Independent).

Тажик сыналгысы 24-июлдагы берүүсүндө Борбор Азия аймагындагы экологиялык кырдаалга кайрылат. Тажик журналисттеринин иликтөөсүнө караганда, Арал деңизинин алааматы жалаң гана Өзбекстандын Каракалпакстан жумуриятына жана ага чектеш өзбек жана казак дубандарына кесепетин тийгизип тим болбостон, шорго айланган жээги улам куушуруп өлүп бараткан деңиз өз ызасын туз тозоңдуу шамал аркылуу алыскы Памир жана Теңиртоо аймактарынан да чыгарууда.

Басма сөздө жалаң гана «суук» кабарлар жарыяланып жатат деп ойлобоңуздар. Тажик сыналгысынын 24-июлдагы кабарына караганда, өлкөдө орто мектептердин мугалимдеринин маянасы 25 пайызга жогорулатылмакчы. Эгерде мугалимдер жер тилкесине ээ болсо, анда алар жер салыгынан да жеңилдик алмакчы. Бул өкмөттүк токтом сентябрдан тартып жүзөгө ашырылат.

Ал эми «Известия» гезитинин ишембиде өз интернет барагына жарыялашынча, белгилүү балерина, Чоң театрдын жылдыздарынан болгон Нина Ананиашвили (сүрөттө) Маскөөдөн Тбилисиге кайтып келди. Балет устаты президент Михаил Саакашвилинин чакырыгы менен атажуртуна кайткан. Элинде Нино деп же эркелетип Нинико деп коюшкан балерина өткөн бейшембиден бери Тбилиси опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси кызматын аркалап калды. Ал эми июн айында Саакашвилинин чакырыгы менен Орусиядан мекенине кайткан грузин ишкери Каха Бендукидзе болсо эми өлкөнүн экономика министри болуп калды, - деп жазат «Известия» басылмасы.
XS
SM
MD
LG