Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

«Кыргызгаз» акционердик коомунун Казакстан менен Өзбекстандын газ ишканаларына карызы бир миллиард сомго чукулдап калды. Мына ушул карыздын айынан Ташкен июнь айынан тартып Кыргызстанга газ берүүнү токтотту. Учурда «Кыргызгаз» калкты "көгүлтүр от" менен камсыздоо маселесин Казакстан үлүшүнөн уруксатсыз газ алуу менен чечүүдө.

Өлкөнүн жалпы энергетика тармагы карыздардын чырмоогунда каржалууда. Электр кубатын өндүрүүчүлөр 4 миллиард сомдун тегерегиндеги дебитордук карыздын сазынан чыкпай жатса, “Кыргызгаз” дебитордук да, кредитордук да карыздын тушагында турат. Жылдан-жылга уланып келаткан бул өнөкөт дарт быйылкы жылы өзгөчө түйшүк жаратчудай. Анткени “эки доогер бир келсе айлаңдын кеткени” дегендей, Өзбекстан карыздын айынан газ берүүнү токтотсо, “газыбызды уруксатсыз алып жатасыңар” деп экинчи жактан Казакстандын айыптоосу күч алууда.

Эки коңшу өлкөгө газ үчүн карыздын көлөмү болсо астрономиялык суммага - бир миллиард сомго чукулдап калды. Тактап айтканда, Өзбекстанга бересе 12 миллион долларга жакындап барса, Казакстанга төлөнчү карыз 11 миллион доллардан ашып баратат. Мына ушундай шартта Өзбекстан менен быйылкы жылга газ сатып алуу боюнча келишимге жетишүү өтө татаал болууда.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Улукбек Чыналиев бул тууралуу мындайча билдирди:

- Газ маселесин чечүү эң кыйын болуп турат. Анын кыйындыгы - газ үчүн акыны накталай валюта менен төлөө талабына байланыштуу болууда. Биз буга чейин газга акынын 55%тин валюта менен, калганын материалдык–техникалык ресурстар менен төлөп келгенбиз. Азыр талап башкача болууда. Ошондуктан бул маселе кандай чечилет, мен айта да албайм.

“Кыргызгаздын” башчысы Автандил Сыдыковдун маалыматы боюнча, өзбек газы үчүн жалпы карыздын көлөмү 11 миллион доллар. Анын ичинен 3 миллион доллар валюта түрүндө. Ал эми материалдык техникалык каражаттар менен төлөнчү 8 миллион доллар карыздын тегерегиндеги маселе август айында чечилет. "Бирок келечекте газды 100% валюта менен төлөө биз үчүн мүмкүн эмес", дейт Автандил Сыдыков.

“Кыргызгаздын” жергиликтүү керектөөчүлөрдөн 350 миллион сом, “Улуттук электр станциялар” акционердик коомунан болсо 12 миллион доллар аласасы бар. Бирок бул каражаттар “Кыргызгаздын” тышкы карызын жаба албайт.

Энергетика тармагын, анын ичинде “Кыргызгазды” иликтеген Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттык комиссиясынын өкүлү Давран Сабировдун айтымында:

- “Кыргызгаз” банкрот болуп калган. Анын активи минус 200 миллион сом болуп чыккан. Башкача айтканда, активи 900 миллион сом, пассиви 1 миллиард 100 миллион сом.

Анын пикиринде, мындай абалдын түзүлүшүнө келип жаткан газды эсепке алуунун начардыгы себеп болууда.

Быйылкы жылдын күз-кыш айларында калкты газ менен камсыздоо маселесине токтолгон Давран Сабиров маселени чечүү үчүн, биринчиден, азыркы карыздарды төлөө керектигин белгиледи. Андан сырткары кыргыз өкмөтү өзбек өкмөтү менен сүйлөшүп, мурдагыдай келишимди, башкача айтканда, газ үчүн акынын жарымын валюта, калган бөлүгүн материалдык баалуулуктар менен төлөө боюнча макулдашууга жетишиш керек. "Газ акысын 100% валюта менен төлөө биз үчүн өтө кыйын болот", деп билдирди Даврон Сабиров дагы.

Бул маселени өткөн ишемби күнү Бишкектеги жыйында кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясы да чече алган жок. Эми аны чечүүгө премьер-министр, ал болбосо президенттик деңгээлде аракет жасалышы ыктымал. Бирок Өзбекстан Кыргызстанды утурлай кадам таштайбы, таштабайбы, белгисиз. Анткени Кыргызстандын жалгыз көзүрү болгон сууга өзбек тарап таңсык эмеспиз, деген позицияда турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG