Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

ИНДИЯ КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАХТАСЫНА, ЖИБЕГИНЕ ЖАНА АЛТЫНЫНА КЫЗЫГУУДА


Кыргызстан менен Индия мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык кызматташтык чөйрөсү кеңейиши ыктымал. Индиялык ишкерлердин Кыргызстан менен жибек, алтын жана пахта өндүрүү тармагында кызматташууга ынтызарланып жатышы ушундай пикирлерди жаратууда. Кыргызстандын инвестициялык жагдайын иликтөө максатын көздөгөн индиялык ишкерлер өткөн аптада Бишкекке келишкен.

Индиянын экспорт боюнча ишкер уюмдар федерациясынынын башкы директору Баланчандран жетектеген ишкерлер кызматташтык чөйрөсүн кеңейтүү мүдөөсү менен Кыргызстанга экинчи ирет келип отурушат. Мындан жарым жыл мурдагы сапарында индиялык ишкерлер Кыргызстан тарап менен өз ара түшүнүшүү жана экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү меморандумуна кол коюшкан. Бул ирет ортодо кандайдыр бир документ кабыл алынган жок. Бирок тараптардын белгилегендерине караганда, индиялык ишкерлер бул жолку сапарында Кыргызстан менен кызматташуунун жол-жобосун конкреттештирүүгө жетишти.

- Биз иш жүзүндө максатыбызга жеттик. Биз силердин өкмөттүн олуттуу колдоосуна ээ болдук,- деди Экспорт боюнча индиялык ишкер уюмдар федерациясынынын башкы директору Баланчандран.

Кыргызстандагы экспортчулар бирикмесинин төрагасы Кубанычбек Касымалиевдин пикирине караганда, келерки жолугушууда Кыргызстан менен Индия ишкерлери аталган багыттар боюнча конкреттүү макулдашууга жетишиши мүмкүн:

- Биздин үчүнчү жолку жолугушууда алда канча конкреттүү макулдашуу же контракт кабыл алынышы мүмкүн.

Индиялык ишкерлер кызыгып жаткан тармактардын бири – жибек өндүрүшү. Постсоветтик мезгилде пайдалуу тармакка айланган пилла, б.а, жибек курт өндүрүшү кийин токтоп калган. Индиялык ишкерлер бул өндүрүштө иштеп келген 30 миң чамалаш дыйкандын жана жергиликтүү ишкерлердин көмөгү менен Кыргызстандын түштүк аймагында биргелешкен ишкана ачуу ою бар. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн пахтаны да сатып алгысы келет. Мындай кызматташтык эки өлкөнү тең социалдык өксүктөн арылтууга көмөктөшөт дешет алар. Пахта тармагын иликтөө үчүн ишкерлер федерациясы келерки бир ай ичинде эксперттер тобун жиберип, жагдайды дагы бир жолу иликтөөнү эп көрүп жатышат.

Кыргызстан индиялык ишкерлерди алтын кендери менен да өзгөчө кызыктырууда. Ошондуктан алар бул тармакта да биргелешкен ишкана түзүү камын көрүп жатышат. Бирок планы тууралуу маалымат берише элек. Маселени алар өткөн аптада «Кыргызалтын» акционердик коомунун жетекчилиги менен жабык мүнөздө талкуулашты. Талкуунун чоо-жайын ачыкташкан жок.

Кийинчерээк Экспорт боюнча индиялык ишкер уюмдар федерациясынынын башкы директору Баланчандран мындай деди:

- Алтын өндүрүшү чоң инвестиция сала турган тармак. Ошондуктан, биз олуттуу даярдык көрүшүбүз керек. Эң башкысы – бул өлкөдөгү инвестициялык климатты аныктоо. Биз биргелешкен бир ишкана менен сүйлөшкөндөн кийин бул жерде климат жакшы экенине ынандык. Бирок технологиялык жагын эске алуу керек. Маселен, алтын кандай жол менен казылат? Алтын жаткан жердин тереңдиги канча? Канча каражат жумшалышы керек? Бул жерде миңдеген долларлар жөнүндө сөз жүрүп жатат.

Учурда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 11 миллион долларды түзөт. Анын ичинде Кыргызстан саткан товар 1 миллион долларга гана тете. Ошондуктан, Кыргызстан өзүнүн товарларын Индия рыногуна чыгарууга көбүрөөк кызыкдар. Индиялык ишкерлердин кызматташуу демилгесине өкмөттүн колдоо көрсөтүп жатышынын бир себебин экспортерлер бирикмесинин башчысы Кубанычбек Касымалиев ушуну менен байланыштырды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG