Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Ош шаарында «Сойку» деген рейд жүргүзүлдү


ОШ. Бир жумага созулган атайын рейддин жүрүшүндө шаардын борбордук көчөлөрүндө, сауналарда жана атайын үйлөрдө сойкулук кылган жүзгө жакын кыз кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу бөлүштүрүү жайына жеткирилди. Текшерүү учурунда алардын 30 пайыздан ашууну Өзбекстандын коңшулаш облустарынан, калгандары түштүк Кыргызстандын ар кайсы райондорунан келишкендиги такталды. Облустук СПИД борборунун маалыматына караганда, медициналык кароодон өткөрүлгөн бул кыздардын 70 пайыздан ашууну ар кандай жыныстык оорулар менен ооруша тургандыгы белгилүү болду. Мындай маалымат Ош шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдон алынды.

XS
SM
MD
LG