Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

26-июлда “Сорос-Кыргызстан” фондусу Таласта ачык эшиктер күнүн өткөрдү


ТАЛАС. "Ачык эшиктер" күнүнө бардык каалоочулар, ошондой эле фонд менен кызматташып, андан техникалык жана финансылык грант алып жатышкан өрөөндөгү өкмөттүк эмес уюмдар, жамааттык бирикмелердин лидерлери, билим берүү, саламаттык сактоо, китепкана мекемелердин өкүлдөрү келишти. Фонддун аткаруучу директору Медет Төлөгөнов жолугушууга келгендерге фонддун буга чейинки жүргүзгөн иштери, мындан кийинки багыттары туурасында маалымат берди. "Ачык эшиктер" күнүнө келгендер менен фонддун укук, билим берүү, өкмөттүк эмес уюмдар, этникалык азчылык, аялдар, коомдук башкаруу программалары боюнча аңгемелешүүлөр болуп, мындан ары кызматташуунун жолдору түшүндүрүлдү. Түштөн кийин фонддун адистери “Аялзат”, “Айкөл” борборлорунда, славяндардын “Единение” бирикмесинде болушуп, берилген гранттардын пайдаланып жатышына кызыгышты. Бакайата районундагы Ленин орто мектебине техникалык грант тапшырышты.

XS
SM
MD
LG